Өлкөнүн ички иштер министрлиги Орусияда издөөдө жүргөн Саидхусейн Муртазалиев Актөбө шаарында кармалып, камакка алынганын билдирди. Ал Түндүк Кавказдагы террордук актылардын башкы уюштуруучусу катары эсептелип, Томск облусундагы кылмыштык иштерге да тиешеси бар деп шектелип келген. Учурда аны Москвага өткөрүү маселеси каралууда.