Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:32

АКШ-ИРАН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ ИРАНДА АР БАШКА БААЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Жакында Багдад шаарында АКШ менен Иран өкүлдөрүнүн эки жолугушуусу болуп өттү жана тараптар коопсуздук маселелери боюнча биргелешкен комиссия түзүү тууралуу макулдашты. Отуз жылдан бери дипломатиялык мамилеси жок мамлекеттер ортосунда болгон бул жолугушууларды Ирандагы айрым саясатчылар чоң жетишкендик десе, башкалар - мындай сүйлөшүүдөн орчундуу жыйынтык чыкпайт деген пикирде.

АКШ менен Иран ортосунда 28 жылдан бери дипломатиялык байланыш болгон эмес жана андай мамиле азыр дагы расми деңгээлде түзүлө элек. 1979-жылы революциячыл ирандык студенттер Тегерендагы америкалык элчиликти басып алып, анын 52 кызматкерин 444 күн боюн туткунда кармаганда, Иран менен болгон байланыштарын Вашингтон үзүп салган.

Анткен менен кошуна Ирактагы абалды жөнгө салуу үчүн былтыр америкалык Конгресс тарабынан түзүлгөн атайын комиссия декабрда өз отчетун чыгарып, Ирак маселеси боюнча Иран жана Сириянын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүү керек деп чыккан. АКШ өкмөтү алгач ага каршы болгон, бирок жакында элчилер деңгээлинде эки сүйлөшүү болуп өттү.

28-май менен 24-июлдагы сүйлөшүүлөр Багдад шаарында өттү, ага эки мамлекеттин Ирактагы элчилери Раян Крокер менен Хасан Каземи Куми жана башка дипломаттар катышты. Ал сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгы катары - биргелешкен үч тараптуу атайын комиссиянын түзүлгөнүн атаса болот, анын негизги максаты - Ирактын өзүндө жана Ирак менен Иран чек арасындагы коопсуздукту камсыздоо иштерине көмөктөшүү болот.

Ирандык белгилүү консерватор-саясатчы Хамид Реза Таракинин 29-июлда айтканына караганда, үч тараптуу комиссиянын түзүлгөнү - бир топ орчундуу жетишкендик, анткени сүйлөшүүлөр учурунда дагы тараптар бир-бирин күнөөлөгөнү белгилүү, ошондуктан, ошондой татаал жагдайга карабастан, тараптар биргелешкен комиссия түзүү тууралуу макулдушканын кубаттоо гана керек.

Анткен менен көпчүлүк башка ирандык саясатчылар жана эксперттер болуп өткөн эки жолугушууну көп деле жогору баалабайт жана айрымдар аны Тегерандын жеңиши катары да баалоодо. Белгилүү ятолла Ахмад Жаннатинин 27-июлда билдиргенине караганда, ирандык дипломаттар жолугушуулар учурунда Вашингтондун Ирактагы каталарын атап, аларды санап берди. "Кайхан" деген гезит 29-июлда жазып чыкканга караганда болсо, АКШ өзүнүн Ирактагы каталарын эми түшүнө баштады.

Сүйлөшүүлөр учурунда америкалык жана ирандык дипломаттар - туткунга алынган жарандарды бошотуу маселеси боюнча келишимге келе алган жок. Ирактын түндүгүндөгү Эрбил шаарында америкалык аскерлер январда беш ирандык жаранды кармап кеткен, Вашингтондун айтымында, алар жергиликтүү согушкерлерди - террордук ааракеттерди даярдап, аларды ишке ашырууга үйрөткөн, Тегеран болсо аларды - жергиликтүү консулдуктун кызматкерлери болчу деп атоодо.

Май айында Тегеранда - теги ирандык, бирок АКШ жарандыгын алган төрт адам кармалган, алардын көпчүлүгү - илимпоздор. Кийин Ирандын улуттук сыналгысы аркылуу көрсөтүлгөн даректүү тасмага алардын экөөнүн интервьюлары кошулган жана анда айтылган сөздөрдү - илимпоздор Иранга каршы тыңчылык кылган сыяктуу да түшүнсө болот.

Сүйлөшүүнүн үчүнчү айлампасы качан өтөөрү азырынча белгисиз, бирок ирандык саясатчыларды - АКШ азыр Бахрейн, Бириккен араб эмираттары, Катар, Кувейт, Оман жана Сауд Арабия сыяктуу кошуна мамлекеттерге алдыңкы үлгүдөгү курал сатууга даярданып жатканы тынчсыздандырууда. Сатыла турган андай куралдын жалпы баасы 20 миллиард доллардан ашат жана Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мохаммад Али Хосейнинин айтымында, аны менен Вашингтон өзүнүн эски саясатын улантууда:

"Биздин региондо америкалыктар илгертен бир саясат жүргүзөт, анын маңызы - чөлкөмдөгү мамлекеттердин элдери арасында коркуу жана тынчсыздануу жаратуу. Аны менен региондогу мамлекеттер ортосундагы байланыштарга зыян тийет, бирок аларга курал сатылап жана АКШнын экспорту таңууланат", - деди Хосейни 30-июлда Тегерандан.

XS
SM
MD
LG