Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

ФИЛИП ГОРДОН: АКШ ПАКИСТАНГА ЖАРДАМДЫ КЫСКАРТПАШЫ КЕРЕК


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенттигине талапкер Барак Обама жакында - эгер ал шайлоодо жеңип чыкса, Пакистандын аймагында жашынган террорчулардын базаларына аскерий сокку урулушу мүмкүн деп билдирди. Көптөгөн америкалык саясатчы талапкердин андай сөздөрүн сынга алды, башка эксперттердин пикиринде болсо, Пакистандагы абал өтө татаал.

Пакистан аймагында жашынган террорчуларга каршы өлкө өкмөтү жетиштүү чара көрбөй жаткандыктан, алардын базаларына АКШ өз алдынча сокку урушу мүмкүн деп Барак Обама 1-августта билдирди.

Вашингтон шаарындагы Брукингс институтунун эксперти Филип Гордондун айтымында, маселе өтө татаал жана күч колдонуунун терс кесепеттери да көп:

- Менин оюмча, эгер так жана ачык буталар болсо, мисал үчүн, кимдир бирөө база түзүп, ал жерде машыгып жатса, же алар АКШга каршы террордук аракет даярдап жатканы аныкталса, анда Вашингтон сөзсүз чара көрүүгө тийиш. Ага каршы чабуул даярдалып жатканын билсе, кайсы болбосун мамлекет чара көрөт. Бирок, менин оюмча, андай так жана ачык маалыматтар жок жана Пакистан өкмөтүнүн макулдугусуз анын аймагында ишке ашырылган андай аскерий аракет кандай терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин дагы унутпаш керек.

Анын айтымында, Пакистандын көпчүлүк калкы жана өкмөтү террорчуларды жок кылууга кызыкдар, ошондуктан америкалык жетекчилик аскерий сокку уруу жөнүндө ойлогондон мурда, ошолор менен кызматташууну күчөткөнү жакшы.

"Эркин Ооганстан" үналгысынын кабарчысы Абубакар Сидик менен болгон маегинде Гордон, андан тышкары, - Пакистан өкмөтү террорчуларга каршы бир топ аракет көрүп жатканы анык, бирок айрым учурларда алар жетишсиз деп да билдирди.

Анткен менен, аны менен байланыштуу Вашингтон Исламабадка көрсөткөн жардамын азайтпаш керек:

- Террорчулар менен күрөшүүгө Пакистан көмөктөшүп жатат, АКШ тарабынан туткунга алынган белгилүү террорчулардын айрымдары Пакистандын аймагында кармалган. Экстремисттерге каршы Пакистан аскер жиберди жана алардын арасында чыгашалар да бар. Жардам бар, бирок аны менен катар - Ооганстандан кеткен Талибан азыр Пакистандын аймагында жашынганы да белгилүү, ошондуктан террорчулукка каршы Пакистандын аракеттери 100 пайызга жетпей жатат. Бирок аны менен байланыштуу Пакистанга көрсөтүлгөн жардамды АКШ кыскартса, ал Вашингтон каалаган ийгиликке алып келет деп ким айта алат? Мен андан күмөн санайм, андан терс жыйынтык чыгышы мүмкүн.

Аны менен катар кошуна Ооганстандын жетекчилиги акыркы мезгилде - Талибандын калдыктары жана башка террорчулар менен Пакистан жетекчилиги жетиштүү деңгээлде күрөшпөй жатат, Ооганстанга жасалган чабуулдар Пакистандын аймагынан жасалууда деп Исламабадды күнөөлөп келет.

Гордондун айтымында, мындай абалды кандайдыр бир ченемде түшүнсө болот:

- Пакистандын айрым чөйрөлөрү Ооганстандын өнүгүп, АКШ менен жана кошуна Индия менен дагы жакын мамиле түзгөнүн жактырбайт. Аны менен катар талибдер толук жок кылынса, Пакистан өзүн курчоого алынган сыяктуу сезиши мүмкүн, анткени кошуна өлкөдө анын сөзүн уккан уюмдар азаят. Андан тышкары, улуттук маселе дагы бар - чек аранын эки жагында тең пуштундар жашайт, алардын улуттук жана тарыхый байланыштары күчтүү,- дейт америкалык эксперт.

XS
SM
MD
LG