Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясына 22-июндан 17-июлга дейре жети саясий партиядан талапкерлер тизмеси түшкөн. Анын негизинде БШК Мажилиске депутаттыкка 377 талапкерди каттоого алган. Алардын 321 – эркек, 56 – аял. Талапкерлердин орточо жаш курагы 55 болду. Башмыйзамга киргизилген соңку өзгөрүүлөр боюнча Мажилиске шайланчу 108 депутаттын 98 партиялык тизме менен ат салышат. Ал эми 9 Казакстан элдеринин Ассамблеясы тарабынан шайланат. Мажилиске шайлоо алдындагы үгүт иштери коңшу өлкөдө 18-июлдан башталган. Казакстанда парламенттик шайлоо 18-августта өтөт. (ElenK)
12:20 Кыргызстандагы казак элчиси Казакстандагы парламенттик шайлоо тууралу маалымат берди