Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

ЭШИМКАНОВ ЭЛЧИЛИКТЕН БАШ ТАРТКАНДА


Апрелдеги нааразылык жыйындарынын жигердүү катышуучусу, депутат Мелис Эшимканов Кыргызстандын Швейцариядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан баш тартканын айрым маалымат каражаттары кабарлашууда. Мелис Эшимканов өзү болсо азырынча бул маселе боюнча өз пикирин билдирүүдөн баш тартты. Кээ бир жергиликтүү саясатчылардын пикирине караганда, азыркы бийликтин айрым оппозициячыл лидерлерди кылмыш жообуна тартуу аракеттери үчүн Эшимканов мырза дал ушундай кадамга барды. Сунуш кылынган элчилик кызматтан баш тартуу учурлары эгемен Кыргызстандын тарыхында буга чейин деле болгон.

Жогорку Кеңештин эларалык байланыш-катыштары боюнча эки комитети 28-майда Мелис Эшимкановду Кыргызстандын Швейцариядагы толук ыйгарым укуктуу элчилик кызматына дайындоого макулдук беришкен. Элчи болууга башында макул болгон М.Эшимкановдун өзү жооптуу кызматка бийлик оппозиция лидерлерин куугунтуктоосун токтотсо гана бара турганын эскерткен.

19-апрелдеги башаламандыктар үчүн «Бириккен фронттун» штаб жетекчиси Өмүрбек Субаналиев менен штаб мүчөсү Өмүрбек Абдырахмановго, жаштар кыймылынын жетекчилери Жалын Маматказиевге жана Адилет Айтикеевге, мына жакында болсо фронт жетекчиси Феликс Куловго кылмыш иши козголгон. Антип, фронттун айрым жетекчилерине кылмыш иши козголуп, экинчи бирөөлөрүн Европа өлкөсүнө элчилик кызматка жөнөтүүгө даярдоонун себеп-жөнү А.Акаевдин бийлиги тушунда эле түшүнүктүү болчу, дейт белгилүү публистчи Түгөлбай Казаков.

- Кыргызстанда А.Акаевдин тушунда эле мынабу дипломатиялык кызматтарга кесиби дипломаттар барбай, саясий куугунтукта жүргөндөр, бийликке жаккандар же жакпай калгандар кетип жүрбөдүбү. Учурунда оппозицияны күчтөнтүп турган «Эл» партиясынын саясий кеңешинде жүргөн жигиттерди элчи кылып айдады. Ушул көнүмүш менен эле келатабызбы деп ойлоп жатам.

М.Эшимканов быйыл жайында «Агым» гезити сатылганын жарыялап, басылманын жаңы ээси Бегаалы Наргозуев экөө башынан тааныш экенин «Агымдын» 10-июлдагы санында жарыяланган аңгеме-дүкөнүндө билдирген. «Бегалы экөөбүздүн кыларга ишибиз жоктон эле "Агымды" сен алдың, мен Швейцарияга кеттим" деп гезиттин тагдырын оюнчук катары чечип койгон жокпуз. Бул өзү ичтен бышып, сызылып келаткан бүтүм» экенин ырастап, азыркы бийлик оппозицияны кысмакка алууну күчөтүп жатканы тууралуу кеп да кылган эмес.

Антип элчиликке кетишин так чечип койгон парламент депутаты бүтүмүн бүгүн минтип кескин өзгөртүп калышынын себеп-жөнүн саясат таануучу Ташманбет Кененсариев оппозиция активдүү жетекчилеринин бирин алыс жакка жиберүүнү каалабагандыгы менен түшүндүрөт.

- Бул жерде күчөп кетет деп айтышка негиз жок. Бирок аны күчөтүш үчүн атайлап кетирбей, «сен бул жерде тургун», деп берки жолдоштору токтотуп калышы да мүмкүн.

Т.Кененсариевдин ырасташынча, М.Эшимканов саясий оюн жүрүштөрүн кылдат уюштура билген тажрыйбалуу журналист, маалымат саясатчысы.

- Бул ар кандай ыңгайлуу ситуацияда, кырдаалда ойноп, анан өзү да кайсы бир окуялардын чордонунда болууга аракеттенет. Мындай саясатчыга эл ишениши же болбосо оппозициялык омоктуу топ ишенчү фигура эмес.

Айрым талдоочулардын болжолу боюнча, жакында Кыргызстандын чет мамлекеттерге аттана турган элчилери ошол бара турган мамлекеттин тилин билиши керек жана дипломатиялык тажрыйбасы болушу абзел деген эреже кабыл алынган. Ал эреже атургай атайлап эле М.Эшимкановдун шагын сындырыш үчүн ойлоп табылган. Бирок мындай пикир менен «Арнамыс» партиясынын жетекчи орунбасары Эмил Алиев макул эмес. Анын айтуусунда, бийлик оппозицияны куугунтуктоону токтотпосо М.Эшимканов элчиликке барбастыгын мурда эле эскерткен болчу.

- Атайын эрежесин иштеп чыккан жок. Бул Мелис Эшимкановдун өзүнүн сөзү. Анын айтуусунда, президентке киргенде ушундай деп сүйлөшүп чыккан. «Бул саясий куугунтукту токтотосуңар, ошондо жумушка барып иштейм», деген.

Президент алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун М.Эшимкановдун Швейцарияга элчи болуп кетишин башында анчалык жактырбаганын айтты. Анын пикиринде, оппозиция күчтүү болгондо гана бийлик жакшы иштейт. Бирок да белгилүү саястачынын макул болгондон кийин орто жолдон айнып кеткенин түшүнбөй жатканын жашырган жок.

- Оппозициянын күчтүү болгону бийликке пайдалуу, деген пикирде болчумун. Бирок ал өзү макул болуп, администрация жетекчиси менен сүйлөшүп, анан башынан оппозиция менен болгондон кийин аягына чейин ошол жерде жүрүш керек эле да. Кете тургандыгы ачыкка чыгып калгандан кийин айнып калганын мен колдой албайм. Бул туура эмес. Баягы оюн кылгандай өңдүү болуп атат да бул жерде.

М.Эшимкановдун элчиликтен баш тартышы тууралуу кабар ушу тапта маалымдоо каражаттарында кызуу талкууга алынууда. Ушинтип олтуруп ал күзгү саясий талаш-тартыш күчөгөн маалда оппозиция менен бийликтин ортосундагы көкбөрү темага айланып кетиши деле мүмкүн экендигин айрым талдоочулар эмитен эле болжошууда.

XS
SM
MD
LG