1999-жылдан бери Бириккен Улуттардын башкаруучулугу алдында болгон Косовонун келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдү акыркы мезгилге чейин Финляндиянын мурдагы президенти Мартти Ахтисаари жүргүзүп келген жана үстүбүздөгү жылдын башында ал өз планын эл аралык коомчулукка тартуулаган. Ага ылайык, Косового чектелүү эгемендүүлүк берилүүгө тийиш болчу, бирок Орусия бир нече жолу - эгер бул сунуш Коопсуздук Кеңешинде колго салынса, Маскөө ага вето сала тургандыгын билдирген.
Натыйжада июлдун аягында - тараптар ортосунда дагы 120 күнгө кошумча сүйлөшүү өткөрүү милдети Контакт группасы деп аталган алты мамлекеттен турган уюмга жүктөлдү. Анын мүчөлөрү АКШ, Алмания, Британия, Италия, Орусия жана Франция.
Контакт группасы 9-августта Лондон шаарында жыйын өткөрүп, Сербия жана Косовонун жетекчилери менен байланышуу үчүн өз ичинен үч дипломаттан турган топ түздү; АКШ, Европа Биримдиги жана Орусиянын өкүлдөрүнөн турган ал топ 10-августта Белгард шаарына келди.
Сербиянын жетекчилери менен сүйлөшкөндөн кийин алар ишемби күнү Косовонун борбору Приштина шаарына келип, жолугушуу өткөрөт. Байкоочулардын айтымында, азырынча эч орчундуу маселе талкууланбайт, жумуш тобу жөн гана сүйлөшүүлөр кандай шартта өтүш керек экенин карап, тараптардын турумдарын тактайт.
Анткен менен, АКШ өкүлү Франк Визнердин айтымында, сүйлөшүүлөр жогору мааниге ээ:
- Белграддагы өкмөт жана Приштинадагы жетекчилер - сүйлөшүүгө толук ченемде катыша турганы жөнүндө салтанаттуу билдиришти. Жолугушуулар орчундуу болот. Контакт группасы тарабынан дайындалган биз үчөөбүз, Контакт группасы өзү жана Бириккен Улуттардын баш катчысы - баарыбыз - келерки апталарда өтө турган сүйлөшүүлөргө жогору маани берүүгө чакырабыз жана жолугушуулар ошондой болот деп ишенебиз. Региондо тынчтык жана стабилдүүлүк орнотуу максатында биз бардык мүмкүн болгон жолдорду карап чыгабыз.
Анткен менен, Визнердин айтымында, жумуш төбу өз сунуштары менен чыкпайт, ал жөн гана тараптардын сунуштарын чогултуп, аларды бир-бирине жакындатууга аракеттенет:
- Көп маселелер көтөрүлүшү мүмкүн, бирок мен, - аны мен өзгөчө белгилейм - сүйлөшүү учурунда эмне маселелер талкуланыш керек экенин сунуштабайм. Менин оюмча, жоопкерчилик - жолугуп жаткан тараптарга жүктөлүш керек жана сүйлөшүүгө алар эң жогору маани берүүгө тийиш, - дейт жумуш тобунун америкалык мүчөсү. Аны менен катар Белградка Европа Биримдигинин өкүлү, немис диаломаты Вольфганг Ишингер жана Орусия тараптан - тышкы иштер министрлигингин атайын өкүлү болуп дайындалган Александр Боцан-Харченко келди.
Сүйлөшүүлөр дагы 120 күнгө уланууга тийиш деп июлда жарыялангандан кийин Косово өкмөтүнүн башчысы Агим Чеку - кандай болгон учурда дагы Косово 28-ноябрда өз эгемендүүлүгүн жарырялайт деп билдирген. Августтун башында болсо Сербиянын тышкы иштер министри Вук Еремич - Косово аймагына Сербия өз курамында эң жогорку автономиялык укуктарды берүүгө даяр деп жарыялаган. Айрым башка маалыматтарга караганда, Косово менен Сербия эң акырында конфедерация да түзүшү мүмкүн.