Пакистан менен Ооганстандын атактуу адамдары менен уруу башчыларын "Тынчтык жиргасына" чогултуп, эки мамлекет ортосундагы мамилелерден тышкары жалпы коопсуздукту камсыз кылуу менен террорчулукка каршы күрөшүү маселелерин талкуулоо жөнүндө былтыр Вашингтон шаарында өткөн үч тараптуу жолугушууда макулдашылган. Ал жыйынга АКШ, Ооганстан жана Пакистандын президенттери Жорж Буш, Хамид Карзай жана Первез Мушарраф катышкан.
Үч күндүк жирга 9-августта Кабул шаарында башталды, ага катышууга эки тараптан жети жүзгө жакын адам келди, бирок 8-августта кечинде Пакистан президенти өлкөдөгү ички маселелерге шылтап, Кабулга баруудан күтүүсүздөн баш тартты. Анын ордуна Пакистан өкүлчүлүгүн премьер-министр Шаукат Азиз жетектеп келди.
Жирганын ачылышында президент Карзай сүйлөп, эгер Ооганстан менен Пакистан аракеттерин бириктирсе, "Аль-Каида" сыяктуу террордук уюм же Талибандын калдыктарын талкаласа болот деп билдирди:
- Эгер маселе ооган тарапта жатса жана ооган өкмөтү кандайдыр бир ката кетирген болсо, Ооганстан аны моюнга алып, маселени чечүүгө аракеттенет. Эгер маселе Пакистан тарапта жатса, ал тарап дагы аракет көрөт деген үмүт бар. Маселе уруулар ортосунда жатса, аны чечүүгө уруу башчылары аракеттенүүгө тийиш.
Пакистан премьер-министри Шаукат Азиздин айтымында, Ооганстан менен Пакистан чек арасындагы тоолордо жашынган террорчуларды талкалоо үчүн Исламабад бардык аракеттерди көрүп жатат жана аймакка токсон миңге жакын аскер жиберген. Анткен менен буга чейин президент Мушарраф - өз аймагындагы маселелерди өзү чече албагандыктан, ооган өкмөтү жөн гана кошуна мамлекетке шылтап жатат деп, Карзайдын өкмөтүн күнөөлөгөн.
Эл аралык кризис тобунун Кабул шаарындагы кеңсесинде иштеген Жоанна Натандын пикиринде, эки мамлекеттин аксакалдары чогулган жыйын расми укукка ээ болбогону менен, анда эки тарапты тең тынчсыздандырган маселелер талкууланганы пайда алып келүүгө тийиш:
- Жирга - Ооганстан менен Пакистан элдери арасында тараган маселе чечүү ыкмасы. Алардын көпчүлүгү пуштундар жана бул - пуштундардын ыкмасы. Азыркы Тынчтык жиргасына жети жүзгө жакын адам - эки тараптан бир нече жүздөн киши - чогулду, алар - жергиликтүү кеңештердин, парламенттердин, жарандык коомдун, улуттук биримдиктердин өкүлдөрү.
Бирок, анын айтымында, Пакистан тарап мындай ири жыйындар кандайдыр бир олутуу чечим кабыл ала алаарына көп ишенбейт: "Менин оюмча, Пакистан тарап мындай жыйындарга оогандардай жогору маани бербейт. Ошол себептен мындай жирга өткөрүү демилгесин алар көпкө чейин көп колдобой келген жана өзүн аны менен байланыштыруудан алыс болууга аракеттенген", - дейт Жоанна Натан.
Жыйынга - Пакистандын Түндүк Вазиристан деген провинциясынын өкүлдөрү келген жок. Алар - жиргага Талибандын дагы өкүлдөрү катышууга тийиш деген талап койгон.