Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

ЫСЫККӨЛДӨ СПОРТТУК МЕЛДЕШ АЯКТАДЫ


Кабыл Макешов, Каракол Караколдо бешинчи спортакиада оюндары өттү. 11-августта Түп районунун Маяк айылында эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында да бешинчи спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды. Мында жети салмак категориясы боюнча Бишкек шаарынын командасы баш байгенин ээси болду.

Негизинен балбан кыздар айырмаланды. Себеби алар Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөлөрү болгондуктан, баш байгени жеңип алышты. Жеңил салмакта Бишкектик Дилара Осмонова, 59 кг. салмакта Бишкектик Нурзада Шайлообаева чемпион аталышты. Ал эми 67 кг. салмакта Асел Иманалиева жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Кыз-келиндердин эркин күрөш боюнча жалпы командалык биринчилигин да Бишкек шаары камсыз кылды. Волейболдон Ош шаарынын волейболчулары баш байгенин ээси болушту. Ысыккөлдүк жигиттер күмүш медаль тагынышты. 11-августта ошондой эле эркектер арасында баскетбол оюну боюнча бешинчи спартакиаданын чемпиондук наамы үчүн мелдеште Бишкектик жигиттер жеңишке жетишти. Футболдон болсо ыссыкөлдүктөр 3-орунду камсыз кылышты. Себеби мында ысыккөлдүк күйөрмандар абдан арбын келишип, алар сүрөөнгө алып турушту.
Бишкектиктер менен Чүйлүк футболчулар беттешип, 5:0 эсебинде Бишкектиктер утуп, бешинчи спортакиаданын чемпиону болушту.

Караколдо өткөн бешинчи спартакиаданын оюндарында спорттун 14 түрү боюнча мөөрөй талаштардын жыйынтыгында Бишкек шаарынын командасы баш байгени колдон чыгарышкан жок. Мурда болуп өткөн төртүнчү спартакиадалык оюндарда да баш байгенин ээси болушкан. Алар спорттун 11 түрү боюнча 1-орунду ээлешти. Алты күндүк мөөрөй талаштын жыйынтыгында 130 упай топтоо менен Ысыккөл командалык эсепте 2-орунду камсыз кылды. Чүй облусунун спортчулары байгелүү 3-орунду ээледи. Бешинчи спартакиаданын таймаштарына жети облустун жана Бишкек, Ош шаарынын 1600гө жакын спортчулары катышты.

Каракол шаары 6-спартакиаданын эстафетасын Ош шаарынын өкүлдөрүнө тапшырды. 1-орунду алган Бишкек шаарына 120 миң сом акчалай сыйлык жана чоң кубок тапшырылды. 2-орунду ээлеген Ысыккөл облусуна 100 миң акчалай сыйлык ыйгарылды. 3-орунду ээлеген Чүй облусу 80 миң акчалай сыйлыктын ээси болушту.

Мурдакы спартакиадаларэки жылда бирден өткөрүлүп турчу. Бул спартакиададан кийин мындан ары олимпиадалык оюндар сыяктуу төрт жылда бирден өткөрүлмөк болду. Спартакиадалык оюндардын айырмачылыгы эмдиги жылы Пекин шаарында боло турган жайкы олимпиадалык оюндарга мыкты спортсмендерди иргеп алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Мында оор атлетика боюнча, эркин күрөш боюнча, кыздар күрөшү ж.б. спорттун түрлөрү боюнча мыктыларды, таланттуу жаштарды сыноодон өткөрүштү. Мында айрыкча оор атлетика боюнча Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөлөрү үч бир тууган Султан, Кутман, Улан Молдодосовдор спортакиаданын баш байгесин жеңип алышты. Негизинен Бишкек шаарынын спортчулары бардык спорттун түрү боюнча мыкты чеберчилигин жогорку даярдыгы менен айырмаланып турушту. Себеби Бишкек шаарында мыкты шарттагы жакшы спорттук иматтар, спорттук мүмкүнчүлүктөр абдан жакшы болгондуктан, башка облустар аларга тең келе алышкан жок. Бул аймактагы спортту өнүктүрүү үчүн спартакиаданы эстафета, шерине сыяктуу ар кайсы облустарга өткөрүп жатышат. Аймактардагы спорттук имараттарды спартакиаданын шылтоосу менен ремонттоп, жакшы спорт жайларын салып, куруп, спортко болгон жаштардын кызыгуусун ойготуш үчүн аймактарда өткөрүлүп жатат. Андан сырткары спартакиада спорттун 14 түрү боюнча өткөрүлгөндүктөн аймактарда дагы спорттун 14 түрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, ошого аракеттер көрүлүп жатат. Облустар жоюлуп кеткен күндө дагы ушул аймактар боюнча спартакиада сакталып калат деген ишеним айтылды.
XS
SM
MD
LG