Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

ХИЗБ-УТ-ТАХРИР УЮМУНУН КАТАРЫ АРБЫП БАРАТАБЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Борбор Аздагы серепчилердин айтымында, тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрүнүн саны акыркы жылдарда көбөйүп баратат. Аналитиктердин баамында, буга регион өкмөттөрүнүн жарандарга өз оюун эркин билдирүүгө, башкача айтканда, оппозициялык көз карашка жол берүүнү каалабагандыгы түрткү болуп жатат.

Хизб-ут-Тахрир тобу жакшы уюшулган, көп баскычтуу иерархия бекем сакталган, конспиративдик уюм. Анын максаты Борбор Азияда ислам мамлекеттин орнотуу.

Тарыхка кайрылсак, Хизб-ут–Тахрир же Эркиндикке Чыгаруу партиясы өткөн кылымдын 50чү жылдарында палестиндер тарабынан түзүлгөн. Көптөгөн мамлекеттерге жайылганы менен уюмдун философиясы дээрлик өзгөргөн жок. Философия демекчи, партиянын калың элге сунуш этчү программасы жокко эсе. Уюм эгер бийликке келсе, саламаттык сактоо системасын, билим берүү тармагын, жалпы эле экономиканы кайсыл принциптерге негиздеп, кандайча жол менен өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын даана айта албайт. Борбор Азия мамлекеттериндеги өкмөттөрдү бийликтен четтетип, шариат мыйзамдарын орнотууну көздөп жаткан бул уюмдун мүчөлөрүн башка диндерге жана исламдын башка агымдарына карата элдешкис оппозициялык көз караш бириктирет. Шии мусулмандар менен христиандардын ар түрдүү топтору отурукташкан регион үчүн бул бир топ опурталдуу болоору айтпаса да түшүнүктүү. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Стратегиялык Изилдөөлөр Институнун айтымында, Кыргызстанда эле Хизб-ут-Тахрирдин 10 миңдей мүчөсү бар.

Уюм төрттөн жетиге чейин мүчөдөн турган Халка деп аталган чакан ийримдерден турат, аларга баш-көз болуп турган жетекчини Халканын башчылары гана билишет, бирок андан жогору турган башчылар иерархиясын халка жетекчилери билишпейт. Мындай түзүлүш домино эффектисине жол бербей, хизбуттахрирчилердин желе сымал чиеленишкен топторунун бетин ачууга кедерги болуп келатат. Анын үстүнө топтун бекемдигине, ага кирээр алдында берилчү ант дагы салым кошуп жаткан шекилдүү. Топко мүчө болуудан баш тарткандар касам ичээри белгисиз, бирок топтон чыгып кеткендер адатта ал жөнүндө сөз кылуудан качышат.

Кыргызыстандын Карасуу районунун тургуну, биз анын коопсуздугун камсыздоо максаты менен атын өзгөртүп, Максат деп коёлу, мындан 10 жыл мурда топко кирээр алдында ант бергенин айтты. «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде ал Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өтө турган саммити тууралуу өз ой-пикирин ортого салууга маакул болгон, бирок топтун ишмердиги жөнүндө кеңири сөз кылуудан баш тарткан. Ал тек топко жаңы мүчөлөрдү тартууга атайын уюштурулган дарстар менен сабактар чоң огожо боло турганын белгиледи.

- Хизбут өз идеяларын Халкаларда уюштурулуп туруучу дарстар аркылуу таратат, бул сабактардын арты менен уюмга жаңы мүчөлөр тартылат ,- дейт ал.

Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Шафкат Кочкоров хизбутчулар үгүт ишинде видео жана аудио техниканы кеңири колдонушаарын, буга базарда арзан DVD ойноткучтардын кеңири сатылганы огожо болуп жатканын айтты.

Ал эми Кыргызстандын дин иштери боюнча агенттигинин башчысы Тойгонбек Калматов Хизб-ут-Тахрир өзүнө көптөгөн көрүнүктүү өкмөт мүчөлөрү менен ишкерлерди да тартып, мунун арты менен моралдык жана финансылык жөлөк-таякка ээ болгонун ачыкка чыгарды.

Кооптуусу бул партияга мүчө болуп киргендердин арасында аялдар, жаштар жана түрмөдө отуруп чыккандар көп. Хизбутчулардын үйлөрүнөн табылган каруу-жарактар, ок-дарылар менен гранатометтор уюм бийликти тынч жол менен эмес, күч менен басып алууга ниеттенип калганын айгинелейт, деп айтты Тойгонбек Калматов.

XS
SM
MD
LG