Эки өлкө президенттери Курманбек Бакиев менен Махмуд Ахмадинежад мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкуулашты. Анда Курманбек Бакиев Иран президентинин ШКУ саммитине катышуусунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз-иран мамилелеринин тамыры тереңде экенин жана аны мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Эки өлкө башчылары бул жолугушууда ШКУ саммитине байланышкан да бир катар маселелерди талкуулашты.(SM)