Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

КАЗАКСТАНДА МАЖИЛИСТИН ТӨМӨНКҮ ПАЛАТАСЫНА ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоонун алгачкы саатында добуш берүүчүлөрдүн саны 12.4 пайызды түздү. Эл аралык байкоочулардын баамында, шайлоо мыйзам бузууларсыз өтүп жатат. Бүгүн өтүп жаткан шайлоодо Казакстандын тогуз миллионго чукул шайлоочулары добуш берүүгө укуктуу. Парламенттеги депутаттык орундар үчүн жети партия ат салышууда. Серепчилер президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур отан” партиясы Мажилистин төмөнкү палатасында көпчүлүк добушка ээ болот деп божомолдошууда.

XS
SM
MD
LG