Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

КАЗАКСТАНДА «НУР-ОТАН» ПАРТИЯСЫ АБСОЛЮТТУК ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ


Казакстанда президент Назарбаевдин партиясы ири жеңишке ээ болду. Алдын-ала эсептөө көрсөткөндөй, кечээки парламенттик шайлоодо бийликтеги «Нур Отан» партиясы добуштардын 88 пайызын алды. Башка партиялардын бири да парламентке шайланган жок. Оппозиция одоно эреже бузуулар болгондугун билдирүүдө. Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюму "быйыл айрым жылыштар болгону менен, Казакстандагы шайлоо эл аралык стандарттарга туура келген жок" деген баасын берди.

Кечээ шайлоодо добуш берип жатып, президент Назарбаев быйылкы добуш берүүнүн маанисине мындайча токтолду:

-Биринчи жолу биз Мажилиске депутаттарды партиялык тизме менен шайлап жатабыз. Мажлиске шайланган депутаттар биздин мамлекетти, тынчтыкты, экономикалык гүлдөп-өсүштү бекемдөө жана Казакстандын ар бир жаранынын турмуш шартын жакшыртуу үчүн зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алышы керек болот.

Назарбаев Казакстанда бийликте 1989-жылдан бери турат.

Мына эми Борбордук шайлоо комиссиясы бүгвн билдиргендей, өлкөдөгү негизги эки оппозициячыл партиянын бири да 107 мүчөдөн турган мажилиске өтө алган жок, ошону менен эми парламентте да бир партиянын - президент Назарбаев жетектеген Нур Отан партиясынын үстөмдүгү орноду.

Ушуга байланыштуу оппозициядагы Социал демократиячыл партиянын жетекчиси Амиржан Косанов өлкө бир гана коммунисттик партия үстөмдүк кылган Советтер Союзуна окшоп калганын белгилеп, бирок оппозиция саясий күрөшүн уланта тургандыгын Ройтерс агенттигине билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы социал-демократтар добуштардын 4.6 пайызын алгандыгын бышыктады. Парламентке өтүү үчүн кеминде 7 пайыз зарыл болчу.

Интерфакстын билдиришинче, оппозициядагы Ак жол партиясынын башчысы Бурихан Нурмухамедов анын партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын жарыялады. Ал "шайлоо жыйынтыгы өлкөдөгү саясий күчтөрдүн жана аларга болгон коомдук колдоонун чыныгы абалын таптакыр чагылдырбайт" деп эсептейт.

Алдын-ала эсептөөгө ылайык, Ак жол партиясы добуштардын 3.3 пайызын алды. Нурмухамедов партиянын өз эсептөөсү боюнча ал добуштардын 12 пайызын алышы керек болчу.

Шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 65 пайызга жакыны келгендигин бышыктады, бул 2004төгү парламенттик шайлоодон 8 пайызга жогору.

98 орун үчүн жети партия ат салышты. Шайлоо май айында конституцияга өзгөртүү киргизилгенден кийин, мөөнөтүнөн эки жыл мурда өткөрүлдү.

Кабар телеканалы шайлоонун алдын-ала жыйынтыгын түз эфирден жарыялагандан кийин "Казакстанда демократияны көздөй нагыз кадам жасалды" деп айтты.

Конституциялык өзгөрүүлөр Мажилиске өкмөт башчысын көрсөтүү сыяктуу кошумча бийлик укуктарын ыйгарып, ошондой эле парламенттеги орундардын саны көбөйдү. Бирок бир эле мезгилде президенттин кызмат мөөнөтүнүн санына чектөө алынып салынды.

Бул өзгөрүүлөр кайсы бир деңгээлде Казакстандын 2009-жылы Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюмунун алмашма президенттигин алуу аракетине байланыштуу киргизилди.

Казакстанда байкоо жүргүзгөн аталган уюмдун миссиясы мурдагыга караганда жылыштар болгону менен, "бул жолку шайлоо да эл аралык стандарттарга жооп берген жок" деген бүтүмүн жарыялады.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG