Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

10:35 Ысыккөлдүк мугалимдерге семинарлар өтүлүүдө


“Айылдагы билим берүү” долбоорунун алкагында ысыккөлдүк мугалимдерге семинарлар өтүлүүдө. Ага жергиликтүү бир жарым миң мугалим катышып жатат. Семинарларды эл аралык “Хельсинки консалтинг тобу” менен “Билим берүү демилгелерин колдоо” кору даярдаган кыркка чукул тренерлер өтүүдө. Анда ысыккөлдүк педагогдорго мугалим катары милдет кою жана максатына жете билүү үйрөтүлүп жатат. Бул тууралу билим берүү министрлигинен Айгуль Ештаева билдирди. “Айылдагы билим берүү” долбоору 2005-жылдан тарта ишке кирген. Долбоордун негизги максаты өлкөдөгү мектептердеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу. Бул үчүн Дүйнөлүк банк 15 миллион доллар эсебинде каражат бөлгөн. (ElenK)

XS
SM
MD
LG