НЬЮ- ЙОРК. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзүндө буга чейин белгисиз болгон улам жаңы инфекциялык оорулар пайда болуп жатканын жана аларды дарылоо кыйын болуп баратканын билдирди. Жакынкы жылдарда СПИДке жана өнөгөсүз өпкө оорусуна окшогон жаңы кеселдер пайда болушу ыктымал, деп эскертти уюм. 1970-жылдардан бери дүйнөдө ага чейин белгисиз болгон кыркка жакын оору пайда болду, деп айтылат Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун баяндамасында.
Баян Жумакадыр кызы, Прага
Баян Жумакадыр кызы, Прага