Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

13:44 Биринчи Ысыккөл кинофестивалына он миллион сом жумшалат


Фестивалды уюштуруу үчүн акча каражаты бюджеттен алынбайт, себеби аны өткөрүүгө демөөрчүлөр каражат бөлөт. Бул тууралуу бүгүн Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров билдирди. Анын айтымында, Биринчи эл аралык Ысыккөл кинофестивалы жогорку деңгээлде өтөт. “Биз эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды уюштура алабыз. Ага мисал, ШКУнун Бишкек саммити”,-деди А. Мадумаров. Фестивалдын жүрүшүндө анда көрсөтүлө турган тасмалар кыргызстандык көрүүчүлөр үчүн бекер болот. Кинофестиваль 3-сентябрдан 9-сентябрга чейин созулат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG