Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

БОРБОР АЗИЯДА ООГАНСТАНДАН ЧЫККАН МАҢ ЗАТТЫ КОЛДОНГОНДОР КӨБӨЙДҮ


Төрөкул Дооров, Прага Эксперттердин айтымында, Ооганстанда соңку мезгилдерде өндүрүшүнүн көлөмү кескин өскөн апийим буга чейинкидей Европа менен Түндүк Американын эмес, коңшулаш өлкөлөрдүн базарына багытталууда. Бириккен улуттар уюмунун Баңги зат жана Кылмыштуулук боюнча офисинин изилдөөлөрү быйыл Ооганстандын түштүгүндө апийим өндүрүүнүн көлөмү жогорулап кеткенин көрсөттү. Байкоочулар “бул тенденция аймактагы мамлекеттердин баңги затына көз-карандылыгын күчөтөт” деп коонтонуп жатышат.

Улуттар уюмунун расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Ооганстанда соңку мезгилдерде өндүрүлгөн апийим көлөмү 8 200 тоннага жетти. Бул дегени “буга чейинки түшүмдөн 200 тоннага көп өндүрүлдү” дегенди билдирет.

Баңги заттардын көпчүлүк бөлүгү Ооганстандын түштүк жана чыгыш тарабынан, атап айтканда, козголоңчу талибдердин уюгу жайгашкан Хелманд провинциясынан келет.

БУУнун Баңги зат жана Кылмыштуулук боюнча офисинин директору Антонио Мария Костанын айтымында, талибдер 2000-жылдын июлунда “апийим өстүрүүнү жайылтпоо жөнүндө” чыгарган диний буйругун өзгөртүп, азыр эми маң затты сатуудан киреше алууга аракет кыла башташты. Коста 27-августта Кабулда докладын жарыялап жатып, “азыр эми күнөө иш кайра колдоого алынып жатканын” белгиледи.

- Партизандардар тынчыбай, козголоңчулук күчөп, кан төгүүлөр болгон жерде мыйзамсыздык абалы түзүлөт. Мыйзамдар бузулуп, кылмыштуулук күчөйт. Бул, мисалы, Ооганстанда апийим өндүрүшүнүн көлөмү өсүшү менен коштолсо, башка мамлекеттерде кылмыштын дагы башка түрлөрү кеңири тараган тенденцияга айланат, - деди Марио Коста.

Дүйнө боюнча өндүрүлүп жаткан апийимдин 95% азыр Ооганстандан чыгат жана алар, негизинен, Түндүк Американын жана Европанын базарына кетет. Бирок Улуттар уюмунун изилдөөчүсү Томас Пиетсчманн биздин радионун өзбек редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып, маанилүү бир ойду айткандай болду.

- Бизди таң калтырганы – азыр апийим өндүрүү аябай тез жогорулап жатышына, балким, дүйнөлүк базарда баңги затка талаптын да ошончолук өсүп баратканын айгинилейтдир. Балким, биз муну көрбөй жаткандырбыз?, - дейт Пиетсчманн.

Анын айтымында, Түндүк Америка менен Европага канча баңги заты түшүп жатканы белгилүү эле. Ал жакка мурдагыдан көп наркотик түшүп жатат дегенге деле болбойт. Ошондуктан, “Азыр апийимдин көлөмдү агымы каякка кетип жатат?” деген суроо туулат.

Албетте, диллерлер, дыйкандар жана бул процесске тартылгандар мүмкүн болушунча көбүрөөк товарды топтоп коюуга деле аракет кылышы мүмкүн. Анткени апийимди кийин 20-30 жылдап деле сата берсе болот.

Бирок баардык эле баңгинин көлөмү запаска калтырыла бербейт да. “Ошон үчүн жоопту Ооганстанга коңшулаш мамлекеттерден издеш керек”, - дейт Пиетсчманн. Ал мамлекеттер өздөрүнүн аймагы аркылуу өтүп жаткан ооган наркотигинен ансыз деле бир топ жабыркашты. Анткени бул агым ушул мамлекеттердин өздөрүндө да наркомандардын санын көбөйтүп жатат.

- Өзбекстандагы 15 жаштан 64 жашка чейинки баңгилер жалпы калктын 0.8% түзөт. Бул - дүйнөлүк орточо эсептен эки эсеге жогору, анткени дүйнөдөгү баңгилердин орточо эсеби жалпы калктын 0.4% түзөт. Кыргызстанда деле наркомандардын саны ушундай эле - 0.8%. Ал эми Казакстанда болсо андан да көп, жалпы калктын 1% - наркомандар, - дейт Улуттар уюмунун өкүлү Пиетсчманн.

Адистердин айтымында, соңку кездери маң затты колдонуучулардын саны Иран менен Кытайда, ошондой эле, Индия менен Орусияда да өсүп баратат

XS
SM
MD
LG