Бул тууралуу мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров бүгүн билдирди. Анын айтуусунда өзгөчө айыл жерлеринде мугалимдер жетишпейт. Мына ушул жетишсиздикти жоюу максатында түзүлгөн “Жаш мугалимдердин депозити” программасы быйылкы жылы кеңейтилип, бул программага катышкан мугалимдердин саны 700 гө жетти. Аталган программа мурдагы жылдары 200 мугалимге эсептелип келген. Мамлекеттик катчынын сөзү боюнча мектептерди мугалимдер менен камсыздоо жана жаш окутуучулардын материалдык абалын жакшыртуу үчүн бир катар аракеттер жасалмакчы.
“Жаш мугалимдердин депозити” программасы окуу жайларын жаңы бүтүргөн окутуучулардын материалдык абалын жакшыртуу жана аларды окутуучулук кесипке тартуу максатында түзүлгөн. (ZKo)
“Жаш мугалимдердин депозити” программасы окуу жайларын жаңы бүтүргөн окутуучулардын материалдык абалын жакшыртуу жана аларды окутуучулук кесипке тартуу максатында түзүлгөн. (ZKo)