Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

ПАКИСТАН: ТЕРРОРДУК ЖАРДЫРУУДАН 24 КИШИ КУРМАН БОЛДУ


Бүгүн эртең менен Пакистандын Равалпинди деген шаарында эки жардыруу болуп, андан 24 киши курман болуп, 60тан ашык киши жараат алды. Исламабаддан алыс эмес жайгашкан Равалпинди гарнизондук шаарча, ошон үчүн террордук кол салуу аскерлерге каршы багытталганы божомолдонууда.

Биринчи бомба Rоргоо министрлигинин кызматкерлерин жумушка ташыган автобусту мээлеп, андан кеминде 16 киши курман болуп, 20 чакты адам жараат алды. Эртең менен телеканалдар куткаруучулардын автобуста калган адамдарды сыртка чыгарууга далбас уруп жаткан аракеттерин көрсөтүштү. Жардыруу армиянын баш кеңсесинен алыс эмес жерде болду.

Экинчи бомба базардын жанында токтоп турган мотоциклге орнотулган экен. Анын жарылуусунан бери дегенде 8 киши курман болуп, 40 тай киши жаракат алды.

-Автобус Касим базарына келип токтоору менен катуу жарылуу болду. Андан ары эмне болгонун эстей албайм,- деп айтты жардырууну көргөн Ахмед деген киши.

Кол салуулардын жопкерчилигин эч ким мойнуна ала элек. Кылмышкерлер жан кечти террорчулар экени же алыстан башкарылган бомбаны жардырышканы анык эмес. Бирок Пакистандын коопсуздук кызматында мунун артында исламдык согушкерлер турганын, бул алардын Пакистан армиясынын ооган чек арасындагы аймактарда жүргүзгөн аскердик операцияларына берген жообу болгонун божомолдоп жатышат. Чек ара аймактарында отурукташкан уруулар ооган талибдерине баш баанек болуп жатканы белгилүү.

Мындан мурда болгон жардыруулардын жоопкерчилигин өкмөт Талибан менен Ал-Кайыданы колдогон күчтөргө жүктөгөн. Өлкөнүн президенти менен өкмөт башчысы экөө тең террордук кол салууну кескин сынга алып, кылмышкерлерди жоопко тартууга кесенип жатышат.

Бүгүнкү кол салуулар президенттик жана парламенттик шайлоо алдында турган Пакистан коомчулугунда нааразычылыкты күчөтөөрү бышык. Июль айында Исламабаддагы Кызыл Мечитте жашынган исламчыларга каршы чабуул жасалгандан бери теракттар өлкөдө дээрлик күн сайын жасалчу болду. Өкмөттүк аскерлер менен согушкер топтордун салгылашуулары менен террордук чабуулдардан акыркы эле убакта өлкөдө жалпы эсеп менен 300дөн ашуун киши курман болгондугу маалымдалат.

Мындай абалдан улам президент Первез Мушараф август айында өлкөдө чукул кырдаал киргизүү маселесин да караштырган. Бирок бийлик өкүлдөрү бүгүнкү кол салуу чукул кырдаал абалын киргизүүгө түрткү боло албасын айтып жатышат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG