Бул иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович, өлкөнүн Коргоо министрлигинин, чек ара кызматынын өкүлдөрү, АКШ, Франция, Испаниянын бул базада кызмат өтөгөн жоокерлери жана журналисттер катышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» базанын басма сөз кызматынан Айгүл Карымшакова билдирди. Мындан туура алты жыл мурун АКШдагы ири террордук чабуул үч миңдей адамдын өмүрүн алып кеткен. (ZMa)
8:38 Бүгүн антитеррордук коалициянын аба-аскерий базасында 11-сентябрдагы террорчулуктун курмандыктары эскерилет