Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

УКРАИНА ПРЕЗИДЕНТИНЕ УУ БЕРИЛГЕН МАСЕЛЕ БОЮНЧА ТЕРГӨӨГӨ ОРУСИЯ ЖАРДАМ БЕРБЕЙ ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Жакында Украинада өткөрүлө турган кезексиз парламенттик шайлоо алдында өлкөдөгү саясий кырдаал курчуп баратат. Шайлоого үч апта калганда Украина президенти Ющенко - мындан үч жыл мурда ага уу берген адамдар азыр Орусияда жашынууда жана тергөө иштеринде Маскөө Киев менен кызматташпай жатат деп билдирди.

2004-жылы Украинада өткөрүлгөн президенттик шайлоо алдындагы өнөктүк учурунда талапкер Виктор Ющенко сентябрда ооруп жыгылган жана шашылыш түрдө Вена шаарындагы ооруканага жеткирилген. Австриялык доктурлар анын канында диоксин деп аталган уу тапкан, анын көлөмү зыянсыз деңгээлден алты миң эсе көп болуп чыккан. Ющенконун өзүнүн айтымында, ал өзүн - Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Игорь Смешко жана анын орун басары Владимир Сацюк менен чогуу тамак ичкенден кийин жаман сезген.

Азыр ал адамдар Орусияда жашынууда, 2004-жылдагы шайлоо учурунда Маскөө Ющенконун атаандашы Виктор Януковичти ачык колдогон жана орус президенти Владимир Путин Януковичти жеңиш менен куттуктап да жиберген. Бирок Украина эли шайлоо жыйынтыктары бурмаланган деп, көптөгөн митинг-демонстрация өткөргөндүктөн, ал жыйынтыктар жокко чыгарылып, жаңы шайлоодо Ющенко жеңип чыккан.

Жакында, 10-сентябрда Ющенко Украинада батыш журналисттерине интервью берди жана аны 11-сентябрда британиялык "Таймс" менен франциялык "Фигаро" гезиттери басып чыгарды. Интервьюда Ющенко - ал эмгиче өзүн жакшы сезбегенин жана эртең менен араң туруп, кийин дарылардын күчү менен гана иштегенин билдирди.

Президенттин айтымында, анын канында табылган диоксин дүйнөдө үч гана лабораторияда өндүрүлөт экен, алардын бири Орусияда жайгашат. Уу кайдан алынып келгенин аныкташ үчүн, үч лабораториядан тең анын үлгүлөрү суралган, эки лаборатория андай үлгүлөрдү Киевге жиберген, бирок Маскөө украиналык талапты канаатандырбагандыктан, тергөө эмгиче аягына чыга элек.

Андан тышкары, шектелген үч адам азыр Орусияда экени белгилүү, бирок аларды дагы Маскөө Украинага кармап бербей жатат: "Диоксин өндүргөн бардык лабораториялардан анын үлгүлөрү алынып, анализден өткөрүлдү. Орусиядан гана андай үлгүлөр келе элек, бирок мен ишенем, жакында аны дагы алып, анализдейбиз. Шектелген үч негизги адам дагы азыр Орусияда. Орус прокуратурасына - аларды кармап бергиле деген биздин бардык талаптарыбыз жоопсуз калды. Декабрда мен орус президенти Владимир Путин менен жолукканда андай талапты Путиндин өзүнө дагы өз колум менен бергем", - деп билдирди Ющенко.

Ууландыруунун артында кайсы бир уюм болгонбу, же аны кимдир бирөө жеке өз кызыкчылыгында жасаганбы деген суроого Ющенко - жеке адамдар андай кыла албайт болчу деп жооп берди, бирок орус жетекчилигин тикелей күнөөлөгөн жок. Анын айтымында, ууну ага ким бергени, ал кандай түрдө берилгени жана анын артында кимдер турганы тергөөчүлөргө белгилүү, бирок шектелгендин баары кармалып-сурала элек болгондуктан жана анализдин баары толук өткөрүлмөйүнчө, жыйынтыктар жарыяланбаш керек.

Орусиянын Киевдеги элчиси Виктор Черномырдин 11-сентябрда билдиргенге караганда, Украинада болгон окуяны изилдей тургандай Орусия үчүн себеп жок, алар өздөрү баарын табыш керек, Маскөөгө кандайдыр бир талаптар жиберилгени жөнүндө болсо ал эч нерсе укккан эмес.

XS
SM
MD
LG