Түндүк Македониянын Косового чектеш бөлүгүндө албандар басымдуулук кылат. Өткөн айдын башталышында алардын куралдуу бир тобу жергиликтүү полициянын кеңсесине кол салган болчу. Августтун этегинде дагы бир кыштакта ушундай кагылыш болуп өттү. Ал эми өткөн дүйшөмбү күнү үчүнчү бир кыштакта белгисиз топ полициянын түнкү күзөттө жүргөн машинасын аткылап, эки киши набыт болду.
Шейшемби күнү Македониянын парламенти чукул жыйынга чогулуп, Косово менен чектешкен райондогу кырдаалды эки күн талкуулады. Өлкөнүн ички иштер министри кагылыштарды криминалдык мүнөздөгү окуя катары түшүндүрүп, кылмышкерлер жасаган иштерден саясат жүйөө издегендерге каршы чыкты. Министр ошондой эле бул окуялардын улуттук коопсуздукка тиешеси жоктугун билдирди.
Оппозициядагы социал-демократтар министрдин сөздөрүнө ынанышкан жок. Соңку окуяларга саясий өңүттө карашып, алар Македониянын коопсуздугуна коркунуч түзүлүп жатканын айтышты. Депутаттардын бири өткөн айда Косоводо кайсы бир топ ири өлчөмдөгү жарылма зат, курал-жарак менен кармалганын эске салды. Алардын баарын эл аралык чиновниктер, провинция бийликтери Македониядан келген контрабанда деп айтышкан эле. Ушул аңыттан алганда социал-демократтар соңку окуяларды кокустук эмес деп эсептешет. Мунун артында Косовонун таасири турат.
Косовонун лидерлери провинциянын статусу тууралуу проблема Улуттар Уюмунда чечилбесе, быйыл ноябрда эле Приштина өзүн Сербиянын амиринен бошонгон көз карандысыз аймак кылып жарыялай турганын айтышууда. Бир катар байкоочулар Македониянын түндүк провинцияларын келечекте Косового кошкусу келген албан топтору бар экенин эскертип келишкен.Соңку окуялар Косовонун көз карандысыздыгын колдоо маанайда жасалган болушу да ыктымал. Косово проблемасынын айынан албан тайпалары байырлаган башка өлкөлөрдө да алардын жергиликтүү эл менен мамилеси курчуй баштады.
Бу жагдайга кооптонгон Босниянын премьери Никола Спирик да Будапешттеги сапары маалында Косовонун көз карандысыздыгы жөнүндөгү чечим Балканда кайрадан сепаратисттик дымактарга тамызгы таштай турганын эскертти.