Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

11:38 Жоомарт Сапарбаев: 2003-жылкы Конституция президентке жакшы көрүнүп жатат


“Атамекен” партиясынын жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова кечээ президентке керек болгон чечимди чыгарды деп эсептейт. Анын айтымында, 2003-жылкы Баш мыйзам президенттин колуна бардык бийликти топтоп берет. Жаш саясатчынын “Азаттыкка” маалымдашынча, К. Бакиев казак президенти Назарбаев, өзбек өлкө башчысы Каримовдон үлгү алып, бардык бийликти өз колуна топтоо аракетин көрүп жатат. “Президент жакында парламентти таратат деген сөз чыккан. Менимче бул сөздүн чындыгы бар”,-деп кошумчалады Ж. Сапарбаев. (ZMa)

XS
SM
MD
LG