Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

21:05 Адам укугун коргоо боюнча эл аралык уюмдар Рамазан Дырылдаевдин өмүрүнүн коопсуздугуна тынчсызданышууда


Эл аралык укук коргоочуларды коргоо обсерваториясы, адам укугу боюнча эл аралык Федерация жана Бүткүл дүйнөлүк кыйноолорго каршы уюму Кыргызстандын бийлигине даректеген билдирүүдө адам укугун коргоо боюнча комитеттин жетекчиси Рамазан Дырылдаев бийлик тарабынан куугунтукка алынып жаткандыгын кабарлаган. Анда айтылгандай 12-сентябрь күнү укук коргоочунун Бишкек шаарындагы үйүнө кимдир-бирөөлөр жардыргыч зат ыргытышкан. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Рамазан Дырылдаевге белгисиз бирөөлөр тарабынан кол салынып, аны таш менен уруп кетишкени тууралуу да жазылат. Кыргызстан адам укугун коргоо боюнча БУУнун декларациясын кабыл алган, ЕККУнун мүчөсү катары жарандардын укугун коргоого жана алардын өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга тийиш, деп айтылат билдирүүдө.
КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун азыркы бийликтин тушунда Рамазан Дырылдаев эч качан куугунтукталган эмес: “Өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жатса, үйүнө жардыргыч зат ыргытылып жатса, бизге кайрылбайбы. Тартип сактоо органдарына кайрылып, эң эле жок дегенде алгач кыргыз коомчулугуна жарыяласа болмок. Унчукпай туруп эле дүйнөгө жар сала берген туура эмес да. Адам укугунун абалы Акаевдин тушундагыдай, деп айтса эле дүйнө ишене бербейт”, -дейт Турсунбек Акун.
Рамазан Дырылдаев жетектеген адам укугун коргоо комитетинин айрым мүчөлөрү мурдагы бийликтин тушунда куугунтукка кабылып, Европа өлкөлөрүнөн башпаанек сурап кетишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG