Нарын облустук прокуратурага жолдогон арызда “Бектемир Акуновдун өлүмүнө байланыштуу тергөө иши адилет жүргөн, ушуну менен эки милиционер Бакыт Кожомбердиев жана Болот Жунушбаевдин үстүнөн козголгон тергөө иши аягына чыгышы керек” деп айтылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркумдун уулу Урмат Акунов билдирди. Анын айтымында, жабырлануучу тарап Нарын шаардык прокуратурасына тергөө адилет болбогонун айтып, кайрадан аппеляциялык арыз жолдоду. Бириккен фронт быйыл апрелде уюштурган митингдин чегиндеги ачкачылык акциясынын катышуучусу Бектемир Акунов 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында табышмактуу жагдайда өлүмгө кабылган болчу. (ZMa)
15:41 Нарын шаардык прокуратурасы Б. Акуновдун өлүмүнө байланыштуу аппеляциялык арыз жолдоду