Америкалык командачылыктын маалыматына караганда, алар Багдаддын түндүгүндөгү Дияла провинциясында бомба жарылуусунан ажал табышты. Бул жарылуудан дагы үч жоокер жаракат алган. Мындан сырткары кечээ Ирактын ордо калаасындагы жардыруулардан кеминде 18 адам тындым болуп, дагы 60 чакты киши жаракат алганы кабарланууда.