Орусия Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу ага каршы чабуул жасалышы ыктымалдыгы тууралуу айрым маалымат каражаттарынын кабарларына катуу тынчсызданууда. Бул тууралуу Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ Москвада Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди. Жекшембиде Бернард Кушнер эгер Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселеде мунаса табылбаса согуш чыгышы ыктымалдыгын четке какпасытыгын айткан эле. Франциянын бул билдирүүсүнө Кытай да тынчсыздануу билдирди.