2004-жылы өткөрүлгөн президенттик шайлоо учурунда бийлик анын жыйынтыктарын бурмалагандыктан, мурдагы президент Леонид Кучма жана Маскөө колдогон Виктор Янукович жеңип чыккан, бирок кеңири калк ага каршы чыккандыктан, жибек революциясы ишке ашып, шайлоо кайра өткөрүлгөн жана анда Виктор Ющенко жеңишке жеткен. Премьер кылып ал Юлия Тимошенкону дайындаган, бирок көп өтпөй коалиция чачырап кеткен жана президент убактылуу премьерди дайындап, андан соң өкмөт башчылыгына Януковичти алып келүүгө аргасыз болгон. Британиялык "Гардиан" гезити жазгандай, демократияга каршы чыгып келген Янукович ал демократиядан эң көп уткан саясатчы болду.
Былтыр мартта болгон шайлоодо парламенттеги эң көп орунду Януковичтин Региондор партиясы утуп алган жана президент аны кайрадан премьер кылып дайындаган. Бирок апрелде президенттик партиянын 11 мүчөсү премьердин партиясына өтүп кеткендиктен, Ющенко парламентти таркатып жиберген, анткени Януковичтин партиясынын колуна парламенттеги орундардын үчтөн экиси топтолуп бараткан жана алар президенттин кайсы болбосун чечимин токтотуп коюуга укук алмак.
Оппозициялык саясатчылар Конституциялык сотко арызданган, бирок ал кворум чогулта албагандыктан, чечим чыгарууга кудуретсиз болуп чыккан, натыйжада Ющенко менен Янукович өткөн май айында саясий чечим кабыл алып, 30 сентябрда кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүгө макулдашкан.
Украиналык аналитик Иван Лозовойдун пикиринде, мынчалык саясий кризис - эч ким эреже карманбагандыктан чыгып жатат: "Негизги маселе, кризиске алып келген негизги себеп - оюнга катышкан саясий күчтөр эреже боюнча ойнобой жатканында. Башкача айтканда, Янукович жетектеген өкмөт, президент менен анын жакындары жана оппозиция демократиялык эрежелерди карманса, мындай кризис чыкпайт болчу. Ар бир тарап азыркы колундагы бийликтен көбүрөөк бийликке ээ болуу үчүн гана аракеттенип жатат", - дейт Лозовой.
Украина парламентинде 450 орун бар, баары партиялык тизме менен шайланат, бирок парламентке - үч пайыз добуштан көп чогулткан партиялар гана өтөт. Өлкөдө бардыгы болуп 38 миллионго жакын шайлоочу катталган, Украина аймагы 225 шайлоо чөлкөмүнө бөлүнгөн.
Акыркы өткөрүлгөн элдик сурамжылоолор көрсөткөндөй, Януковичтин Региондор партиясы 30 пайыздын тегерегиндеги добуш чогултаары күтүлүүдө. Юлия Тимошенконун блогуна жыйырмадан жыйырма беш пайызга чейин добуш берилүүгө тийиш жана президентти колдогон блок 10-15 пайыз добуш алышы мүмкүн. Андан тышкары, үч пайыздык босогодон - коммунисттер, социалисттер жана мурдагы спикер Владимир Литвиндин блогу өтө алат деп айтылууда.
Эгер добуш берүүгө шайлоочулардын 50 пайызына жетпеген адам келсе, шайлоо болбой калды деп эсептелинет, бюллетендердин 20 пайызы бузулса дагы шайлоонун жыйынтыктары жараксыз болуп чыгат. Шайлоодо көпчүлүк орундарды утуп алган партия, же кийин көпчүлүк депутаттарды бириктирген блок өкмөт башчысын тандайт жана аны кийин президент дайындайт.