Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык багытында иш алып барган бул комиссиянын Бишкек отурумунда он беш маселе каралары күтүлүүдө. Анын катарында энергетика, мынай, агроөнөр жай, өзгөчө кырдаалдар, бажы, туризм, миграция, билим берүү тармактарындагы кызматташтыктын укуктук негиздери, Кыргызстандын Россияга болгон карызынын жоюу маселелери талкууланганы турат. Россия тараптан комиссияны атом энергетиа агенттигинин башчысы Сергей Кириенко баштап келет. Бул тууралуу кечээ премьер министр Алмаз Атамбаев өткөргөн өкмөт жыйынында маалымдалды. Өкмөт мүчөлөрүн премьер министр иштиктүү сунуштар менен чыгууга чакырды. (BuS)