Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

ЕВРОШАРКЕТ: ӨЗБЕКСТАНДА АДАМ УКУКТАРЫ ЖАКШЫРГАН ЖОК


15-октябрда Брюсселде Еврошракеттин тышкы иштер министрлери уюмдун Өзбекстанга каршы киргизген санкцияларынын мөөнөтүн узартуу маселесин талкуулашат. Шаркеттин тышкы саясат боюнча жооптуу кызматкери Өзбекстанда адам укуктарынын абалы дагы эле начар экенин билдирди.

Анжиян кандуу окуяларынан кийин Өзбекстанга каршы санкция киргизген Еврошаркет азыр санкцияларды узартуу же узартпооо масесинин чечүүнүн алдында турат. Мындан эки жыл мурда киргизилген санкциялар натыйжа берген жок, деди шаркетттин тышкы саясат боюнча комиссарынын өкүлү Рийна Кионка биринчи октябрда Европарламентте өткөн угууларда:

-Ташкентте май айында өткөн талкуулардан кийин адам укуктарынын абалы кайрадан талкууга алуу жөнүндө макулдашууга жетишилген жок. Өзбестан Анжиян окуяларын жана санкцияларга тийешеси бар маселелерди мындан ары талкуулоого ниети жок экенин, бул суроолордун баары Еврошаркеттин ички иши экенин ишара кылды ,-деди Рийна Кионка.

Ташкенттин Еврошракет менен кызматташуу дымагы күч, анан калса кызматташууга жетишүүнүн жол-жобосу жөнүндө да көк мелжиген ойлору бар, деп кошумчалады Кионка.

Дүйшөмбү күнү Европарламентте өткөн угууларда Кионка Еврошракет Өзбекстанга киргизилген санкцияларга өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал экенин белгиледи, бирок анын майда- чүйдөсүнө токтолгон жок. Ал эми шаркеттин беймалым калууну каалаган бир кызматкеринин Азаттыка берген маалыматында караганда, шаркет менен Өзбекстандын ортосундагы талкуулардын борборуна эми Анжиян окуялары эмес, жалпы эле адам укууктарынын абалы жана өлкөнүн жарандык коому менен диалог жүргүзүү маселеси койулушу ыктымал.

Ошону менен катар эле шаркет анын аймагына кирүүгө тыйуу салынган мамлекеттик кызматкерлердин тезмесин кеңейтип, айрым расмий адамдардын шаркеттеги мүлкүн жана банк эсептерин тоңдуруп койушу ыктымал. Май айында уюм виза санкциясын бошоңдотуп, айрым өкмөт өкүлдөрүнө уюмдун өлкөлөрүнө каттаганга уруксат берген.

Өзбекстанга карата кандай сяасат жүргүзүү керек деген маселеде уюмдун ичинде бир беткей пикир жок. Мисалы Британия, Швеция, Нидерланддар жана Ирландия санкцияларды бошоңдотууга таптакыр каршы, ал эми Германия менен Португалия Еврошаркеттин Борбор Азия стратегиясынын натыйжалуулугун арттыруу үчүн Өзбекстан менен кызматташуу лаазым деп эсептешет.

Европарламенттин дүйшөмбү күнкү угуусунда Эл аралык кризистик топтун эксперти Алан Делетроз сөз сүйлөп, Өзбекстанда адам укуктары тебеленип жатканына өлкөдөгү социалдык чыңалуусу кошул- ташыл болуп жатканын айтып, санкцияны бошоңдотууга жол бербөө керек, деген пикирин билдирди. Президенттик мөөнөтүн узартып алуунун амалын издеп жаткан Каримов бул фактыны калктын колдоосун алууга багытталган пропаганда катары пайдаланып кетиши ыктымал экен.


Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG