Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

ЮЩЕНКО КЕҢИРИ КОАЛИЦИЯНЫ КААЛАЙТ, ТИМОШЕНКО ОППОЗИЦИЯДА КАЛГЫСЫ КЕЛЕТ


Украинада саналып бүтпөгөн азгантай гана добуштар калды, бирок алар жаңы парламенттеги саясий күчтөрдүн үлүшүн өзгөртө албайт. Жогорку Радага беш партия өттү. Кечээ аларды президент Виктор Ющенко кеңири коалиция түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.

Телеканал аркылуу сүйлөгөн сөзүндө Ющенко Региондор партиясын, Юлия Тимошенконун блогун жана “Биздин Украина – Элдик өзүн коргоо” блогун парламенттик шайлоодо жеңген башка партиялар менен Жогорку Радада кеңири коалиция түзүү, өкмөт куроо үчүн саясий сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды. Президент керек болсо сүйлөшүүлөрдүн кепили болуп бергенге да даяр экенин ырастады.

Президенттин позициясын Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович колдоду. Региончулар азыр бу маселе боюнча билдирүү камдап жатышат. Жалпы эсепте региончулар биринчи орунга чыгышты, бирок алар топтогон добуштардын саны коммунисттер жана экс-спикер Владимир Литвиндин блогу менен бириккен күндө да парламентти контролдогонго жетпейт.

Экинчи орунду алган Юлия Тимошкенконун блогу президенттин “Биздин Украина – Элдик өзүн коргоо” блогу менен коалиция түзгөнгө макулдашкан эле. Тимошенко өзү да эки блок биригип үчүнчү партиясыз эле парламентте көпчүлүктү түзө аларын айтып, Литвиндин блогу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп көрсө болорун кошумчалаган эле. Бирок ал региончулар менен кеңири альянска киргенден баш тартты. “Эгер кеңири коалиция түзүлсө, биз ага кирбейбиз. Биз анда оппозицияда калабыз.Өлкө жана эл алдында бул алда канча абийирдүүрөк болот”,-деп айтты Тимошенко.

Литвиндин блогу болсо бардык негизги саясий күчтөрдөн коалицияга чакырган сунуштарды алганын ырастады. Айтымда, Литвинди биринчи болуп президенттин катчылыгы чакырган.

Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган соңку маалыматтарга ылайык, Региондор партиясы шайлоочулардын 34 проценттен ашык,Тимошенконун блогу 31 процентке чукул, “Биздин Украина – Элдик өзүн коргоо” - 14 проценттен саал астам добушун алган. Жогорку Радага коммунисттер жана Литвиндин блогу да өттү.Социалисттер үч проценттик чийинден тышкары калышты.

XS
SM
MD
LG