18-октябрда баштала турган фестиваль Талас шаарында болот. Фестивалга он эки өлкөдөн отузга жакын дастанчылар, илимпоздор жана тарыхчылар катышары күтүлүүдө. Ар бир өлкөнүн өкүлү өз элине таандык болгон санжыра, дастан менен тааныштырат. Үч күнгө созула турган фестивалды “Кароол дөбөнү коргоо” комитети жана “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар” ассоциациясы уюштуруп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган ассоциациянын төрайымы Токтайым Үмөталиева билдирди. (ZMa)