Сейсмология институтунун малыматына караганда, кечээ кечки бештерде өлкөнүн түштүк аймагында жер титирөө катталды. Анын очогу кыргыз-өзбек чек арасында, Араван айылынан 12 чакырым түштүк-чыгыш, Ош шаарынан 30 чакырым түндүк-батыш тарапта болуп, күчү 5 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча жапа чегүүлөр жана кыйроолор жок. (SM)