Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:30

ИРАНДА ЖАРЫЯЛАНГАН СТАТИСТИКА


Нарын АЙЫП, Прага Ирандын Статистикалык башкармалыгы жакында жарыялаган маалыматтарга караганда, өлкөдөгү жумушсуздук акыркы бир жылдын ичинде азайып, он пайыздык чектен төмөн түштү. Бирок көз карандысыз экономисттер андай маалыматтарга көп ишенбейт.

Айрым мамлекеттердин экономикасындагы өзгөрүүлөр боюнча статистикалык маалыматтар жарыяланганда, ал эл аралык өнүгүүгө же мунайдын дүйнөлүк баасына айрым учурларда таасир кылат. Башка мамлекеттер болсо өз статистикасын идеологияга багындырган жана тиги же бул фактыларды - өзүн дүйнөлүк сахнада жакшы көрсөтүү максатында бурмалайт. Ага мисал катары СССРде жарыяланган кээ бир статистикалык маалыматтарды келтирсе болот.

Ирандын Статистикалык башкармалыгы 7-октябрда - өлкөдөгү жумушсуздук төмөндөп, азыр 9,9 пайызга жетти деп жарыялады, бирок көпчүлүк эл аралык жана ирандык адистер ал маалыматты шектенүү менен кабыл алды, алардын пикиринде, негизги максат - жумушсуздук Иранда психологиялык мааниге ээ 10 пайыздан ылдый түшкөнүн жана президент Махмуд Ахмадинежаддын экономикалык саясаты үзүр берип жатканын көрсөтүү болгон.

Былтыркы маалыматтарга караганда, Ирандагы жумушсуздук 12,75 пайыз болчу жана 9-октябрда Тегеранда өткөрүлгөн экономикалык семинарда Жөндүүлүк кеңешинин мүчөсү Мохаммад Бакир Нобахт билдиргенге караганда, бир жылдын ичинде жумушсуздук деңгээли үч пайызга төмөндөп кеткенине ишенүү кыйын.

Ирандык экономист Голам Али Фаржади 8-октябрда жарыялаган маалыматтар боюнча, Ирандын өзүнүн Статистикалык башкармалыгы былтыр ноябрда билдиргенге караганда, өлкөдөгү жумушка жөндөмдүү адамдардын саны 23 миллион 500 миң болчу жана алардын 20 миллион 200 миңинин жумушу бар болуп, үч миллионго жакын адам жумушсуз болгон. Азыр жумушка жөндөмдүү адамдардын саны 24 миллион 500 миңдин тегерегинде жана жумушсуздук 9,9 пайызга чейин төмөндөдү деген маалыматка ишенсе, жумушу жок адамдардын саны эки жарым миллиондун тегерегинде болууга тийиш. Бирок, дейт Фаржади, азыр Иранда бир жылдын ичинде 600 миңге жакын жаңы жумуш орундары ачылууда, андай болгондо, жумушсуздардын санын 10 пайызга чейин түшүрүү үчүн бир миллион 600 миң жумуш оруну ачылыш керек болчу.

Исфахан университетинде иштеген Мохаммад Хосейн Адибдин айтымында болсо, жумушсуздук деңгээли 10 пайыздык чектен төмөн түштү деген маалымат - Ирандын экономикасы боюнча акыркы 100 жылдын ичинде жарыяланган эң чоң калп. Анын айтымында, андай көрсөткүчкө жетиш үчүн өлкө экономикасы АКШ же Кытайдыкынан дагы ыкчам өнүгүш керек болчу. Андан тышкары, Иран өкмөтү - эч жакта иштебей, үйдү карап отурган адамдарды дагы жумушу бар деп эсептейт, бирок жумушсуздуктун дэңгээлин эл аралык эрежелер менен санаганда, ал 30 пайыз болуп чыкмак дейт Адиб.

Тегерандагы Өндүрүш университетинин экономисти Масуд Нилинин айтымында, Ирандагы жумушсуздук 10 пайыздан өйдө деген маалыматтар көбүрөөк чындыкка окшош, анткени өлкөдө жеке менчик ишканалар жетиштүү өнүккөн эмес жана алар жаңы жумуш орундарын жаратууга көп салым кошпой жатат.

"Этемад" деген гезит 9-октябрда жазып чыкканга караганда болсо, кыска мөөнөткө контракт түзүп, убактылуу гана жумушка ээ болгон бир миллион 300 миңден ашык адамды өкмөт жумушсуздардын катарынан чийип салган сыяктуу. Ошол эле мезгилде, өкмөт өзү жаңы жумуш орундарын түзүү планын 66 гана пайызга аткарды.

XS
SM
MD
LG