Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:13

КАРАКУЛЖАДА ТӨРТ ТАЛАПКЕР АТ САЛЫШУУДА


№ 36-Каракулжа чөлкөмүнөн шайланган Жогорку Кенешитин мурунку депутаты Соорнбай Жээнбеков айыл жана суу чарба министрлигине дайындалгандыгына байланыштуу, анын бошогон ордуна 14-октябрда шайлоо болду. Каракулжа шайлоо чөлкөмүнөн саясий таймашка төрт талапкер, «Апта» гезитинин башредактору Керим Айдаров, Башпрокурордун биринчи орун басары Курмантай Абдиев, «Ата Мекен» социалисттик партиясынын орун басар төрагасы Дүйшөнкул Чотонов, Башпрокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Осмонов ат салышууда. Адегенде эле № 9, Совет шайлоо участогунда добуш берүү кечеңдетилип, шайлоо чатак менен башталды. Байкоочулардын баамында бул шайлоого эч кандай деле кызыгуу болгон жок. Талапкерлердин аздыгы да кызыгуунун жоктугунан улам дешет. Анткени, 21-октябрдан соң парламенттик чукул шайлоо белгиленип, кайрадан саясий таймаш башталат дешет. (IJz)

XS
SM
MD
LG