Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

17:52 Кыргыз-тажик чегара тилкесинен мыйзамсыз өткөндүгү үчүн 19 тажик атуулу кармалды


Бул тууралуу Азаттыка бүгүн Баткендеги 2022 чегара аскер бөлүгүнүн зардалы Саитжан Эратов маалым кылды. Баткен району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен Миңөрүк конушунун аймагында 19 тажик атуулу белгисиз эки аскер кишилеринин коштоосунда бараткан жеринен кармоого алынган. Бирок кармоо учурунда коштоп бараткан белгисиз аскер адамдар Тажикстандын аймагына качып жашырынган. Учурда кармалган тажик атуулдарынын чоо жайы такталууда. (SA)

XS
SM
MD
LG