Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ ДҮЙНӨДӨ ДАЛЕ БАСЫР АБАЛДА


Эл аралык “Чекарасыз кабарчылар” уюму дүйнөнүн 169 өлкөсүндөгү басма сөз эркиндигинин жылдык көрсөткүчтөрүн жарыялады. Быйылкы жадыбалдын эң төмөнкү бөлүгүнө 20 өлкө жайгаштырылган,алардын баарында басма сөз эркиндиги дегеле жок же жокко эсе деп бааланат. Булардын арасында мурдагы совет республикаларынан Белоруссия, Өзбекстан жана Түркмөнстан аталган. Кыргызстанга быйыл тизмеде 110-орун тийген.

“Чекарасыз кабарчылар” уюмунун быйылкы доклады эсеби жагынан алтынчы документ. Буга чейин тизменин эң соңку сабын такай Түндүк Корея ээлеп келсе, быйыл анын ордун Эритерия баскан. Бул өлкөдө менчик маалымат каражаттарына тыюу салынган, бийликти сындаганга батынган бир нече журналист түрмөдө отурат, алардан төртөө камакта өлдү, калгандары да ушундай ыкыбалга кабылышы ыктымал, деп айтылат докладда.

Басма сөз эркиндиги таптакыр жок же жокко эсе делинген “жыйырманын тобуна” Азиядан – жети, Африкадан-беш, Жакынкы Чыгыштан –төрт, Америкадан бир өлкө - Куба киргизилген. Алардын арасында экс-совет республикаларынан Белоруссия (151), Өзбекстан (160) жана Түркмөнстан (167) бар.

“Түркмөнстандын кайрадан соңку орундардын бирине коюлган себеби – бул өлкөдө азырынча олуттуу эч кандай өзгөрүш боло элек”,- деп айтты уюмдун өкүлү Елза Видал.

Басма сөз эркиндигине региондо “кызыл белги” коюлган экинчи өлкө деп ал Өзбекстанды атады. Сөз эркиндигин, адам укуктарын коргогон жоон топ активисттер, журналисттер камалганын, калгандары чет өлкөлөргө өтө качканга аргасыз болушканын белгилеп, Өзбекстандагы жалпы жагдайды Видал айласыз жаман деп баалады.

Докладда Бирмадагы-Мянмадагы абал өзгөчө кооптонгон апазда белгиленет. Бул жерде кенедей маалымат, атүгүл жеке маанидеги жарнама деле хунтанын чычканга кебек алдырбаган кылдат цензурасына алынат.

“Чекарасыз кабарчылар” Россияда соңку бир жыл ичинде эч кандай прогресс болгон жок деп тыянак жасаган. Анна Политковскаянын өлүмү, журналисттерди тындым кылган кылмышкерлердин жазасыз калышы, мамлекеттен эркин маалымат каражаттарынын көз көрүнөө азайып баратканы Россиядагы сөз эркиндигине терс таасирин тийгизди, делинет документте.

Европадагы өлкөлөрдөн Болгария менен Польшада басма сөз эркиндиги керагар кетип баратканы көрсөтүлөт. Эки өлкөдө тең журналисттерге психологиялык кысым көрсөткөн, атүгүл аларды полиция уртокмокко алган, түрмөгө салган учурлар көбөйдү. Континенттин түндүгүндөгү өлкөлөр – Нидерландиядан башкасы – баары адаттагыдай эле жадыбалдын алдыңкы саптарында турат. АКШ болсо быйыл уюмдун тизмесинде 48 орунга коюлган. “Чекарасыз кабарчылар” былтыркы докладында Кошмо Штаттарында журналисттердин эркиндиги чектеле баштаганына катуу камтамачылык билдирген болчу.

Быйылкы докладда интернеттеги цензурага да көңүл бурулат. Уюмдун эсептеринде дүйнөдө бери дегенде эле 64 журналист интернетте жарыялаган материалдары үчүн түрмөгө кесилген. Бу жагынан Кытай бийликтери өзгөчө катаалдыгы менен айрымаланган: интернет аркылуу маалымат таркаткан элүү кабарчы камакка отургузулган.

“Чекарасыз кабарчылар” авторитардык өкмөттөр блоггерлер менен онлайн режиминде иштеген журналисттерге да катуу куугунтук уюштура баштады деп эсептейт.

Быйылкы тизмеде Кыргызстан 110-орунга жайгаштырылган. Бул көрсөткүч коңшулаш Тажикстан (115) менен Казакстанга (125) караганда беш-он сөөмгө жогору. Бирок Кыргызстанда опуртал бир тенденция түптөлө баштаганына жакында Бишкекте болуп өткөн талкуу-форумда белгилүү журналисттердин бири Турат Акимов коомчулуктун назарын бурган эле.

”Бизде бийликте, бизнес элитада жүргөндөрдүн көбүнүн аң-сезими криминалдашып кеткен. Алар журналист менен соттошуп, ызы-чуу салып отургусу келбейт. Жөн эле кечинде эки азамат келип, балка менен башыңды жарып кетет. Бизде азыркы бийликте турган муундун катмары кетмейинче, алардын ордуна жаңыча ойлонгон жаш муун келмейинче сөз эркиндиги жакшырып кетет деп айта албайм»,- деген эле журналист Турат Акимов.
XS
SM
MD
LG