Ага байланыштуу Минск баш болгон бир катар шаарларда оппозиция жүрүштөрдү уюштурду. Саясий багыттагы жүрүштө мындан жетимиш жыл илгери Сталин убагында кырылган инсандар эскерилди. Мындай эскерүү Куропатияда кырылгандар жөнүндө маалымат 1988-жылы жарыялангандан кийин салтка айланууда. Ал эми Куропатияда Сталин убагында 50 миңден 300 миңге чейин киши өлтүрүлгөнү маалымдалат.