Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

ГРУЗИЯДА БҮГҮН ӨЗГӨЧӨ АБАЛ РЕЖИМИ ТОКТОТУЛАТ


Грузияда бүгүн өзгөчө абал режими токтотулат. Президент Саакашвилинин бул тууралуу жарлыгын кечээ парламент бекитти. Ушул эле күнү бийликтер менен оппозициянын кезектеги жолугушуусу өткөрүлөт.

Өзгөчө кырдаал режими бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат жетиде токтотулат. Бул тууралуу кечээ парламенттин спикери Нино Буржанадзе билдирди. Мамлекет жетекчилери өлкөдөгү жагдайды агылгалап кылдат байкап турушту жана түзүлгөн шартка жараша чукул абал режимин мындан ары сактап туруу зарылдыгы жок экенине ынанды, деп айтты спикер парламенттин жабык өткөн жыйынында. Президент чечимин депутаттар басымдуу көпчүлүк добуш менен бекитти.

Өзгөчө абал 8-ноябрда жарыяланган. Анын мөөнөтү жарым ай деп белгиленген. Бирок эл аралык коомчулукта бу кадам кубаттоо тапкан жок. Евросоюз менен Кошмо Штаттары грузин жетекчилерин өзгөчө абал режимин тез арада алып салууга чакырышкан эле.

Чукул кырдаал тартиби алынган соң калк коомдук акцияларды өткөргөнгө укук алат,көз карандысыз телеканалдар менен радиостанциялар кайрадан обого чыга баштайт. Ал эми “Имеди” телекомпаниясы качан иштери белгисиз,бийликтер аны оппозициялык канал деп эле эсептебестен, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине катышкандардын бири деп тапты. Телеканалдын ишин азыр тергөө органдары териштирип жатышат.

Грузин оппозициясы бийликтердин бул чечимин өтө чоң катачылык деп атады. Айрым кабарларда атүгүл өкмөт президенттикке талапкер үчүн тең бирдей шарт түзбөй турган болсо,анда оппозиция 5-январдагы шайлоого байкот жарыялашы мүмкүн деп айтылат. АКШнын Тбилисиде жүргөн атайын чабарманы Метью Брайза буга байланыштуу мурда күнү оппозициянын өкүлдөрүнө кайрылып, мындай кадам натуура болорун жана ал айрым бир саясий күчтөрдүн эле эмес, жалпы Грузиянын кадыр-баркына олуттуу салакасын тийгизерин эскертти. Грузин шайлоочуларына демократияга ишенген ыкыласын кайтарып берүүнү ал өтө маанилүү иш деп эсептейт.

Бүгүн бийликтер менен оппозициянын кезектеги жолугушуусу болот. Сүйлөшүүлөр өтө кыйынчылык менен жүрүп жатканын кечээ Буржанадзе моюнга алды. Оппозиция өкүлдөрү болсо принциптүү эч кандай маселе чечиле электигин, өкмөт жагы эптеп эле убакыты создуктурууну көздөп жатканына даттанышты.

Россиянын тышкы иштер министрлиги да кечээ таркаткан билдирүүсүндө грузин бийликтери президенттик шайлоону оппозицияга кенен-чонон мүмкүндүк бербегидей кылып атайылап чукул мөөнөткө койгонун белгиледи.

Өз кезегинде грузин парламентинин коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Гиви Таргамадзе Россияны Абхазияга аскери техникаларын киргизе баштады деп айыптады. Москва муну, депутаттын болжолунда, Косово бир тараптуу түрдө өзүн эгемен өлкө деп жарыялаган соң буга жооп иретинде Абхазиянын көз карандысыздыгын таануу максатында жасап жатат.”Эгер Абхазия таанылса,анда Грузияга эч кандай мүмкүнчүлүк калбайт. Мунун арты куралдуу кагылышка алып келерин айтпаганда да Москванын мындай кадамы Грузияга иш жүзүндө согуш жарыялаганга тете болот”,- деп айтты грузин депутаты.

XS
SM
MD
LG