Президент Буш өз сөзүндө ырастагандай, эки тарап тең сүйлөшүүлөрдү буйдалбастан баштоого макул болушту. Алардын биринчи айлампасы 12-декабрда башталат. Баары ойдогудай болсо,эмдиги жылдын этегинде тынчтык келишимине кол коюлуп калышы мүмкүн. Ошол эле учурда Буш Аннаполисте белгиленип отурган милдет кыйын экенин эскертти. “Бу болгону процесстин башталышы, андыктан көп иштерди жасоого туура келет. Израилдиктер менен палестиналыктар бир бирине жардамдашса, бул аларга өз максаттарына жеткенге да мүмкүндүк түзөрүн түшүнүшөт,-деп айтты Буш. – Тиги тарапка да, бу тарапка да көз карандысыз,демократиялуу,өз бөгүн бөктөй билген палестин мамлекети керек”.
Мындай мамлекет палестиналыктарга - эркиндик алганга, ал эми израилдиктерге бүтүндөй бир муундар эңсеп келген максатка – коңшулары менен мамырчылыкта жашоого – жеткенге шарт түзөт.
Буш палестин автономиясын террордук уюм-түзүмдөрдү түп орду менен жок кылуу үчүн чечкиндүү чараларды көргөнгө, Израилди жаңы маалаларды кеңейтүүдөн баш тартып, 1967-жылдагы согуштан кийин оккупациялап алган палестин аймактарын бошотууга чакырды.
Буштан соң жыйында сөз алышкан Махмуд Аббас менен Эхуд Олмерт сүйлөшүүлөрдүн чечүүчү айлампасын колдон келишинче эртерээк баштоону макулдашканын ырасташты. Аббас туруктуу тынчтыкка палестиналыктар менен израилдиктер бирдей кызыкдар экенин айтып, зобун-зомбулуктар тыйыларына ишендирди.
Бул ойду Олмерт да коштоп, сүйлөшүүлөр учурунда израилдиктер кыйын-кычыктуу бардык темаларды талкуулаганга даяр экенин ырастады жана арап өлкөлөрүн Израилге байкот жарыялап,аны өгөйлөгөн саясаттан баш тартууга чакырды.
Конференцияга арап өлкөлөрүнөн он алты делегация катышууда.Сирия болгону жалгыз өкүлүн гана жиберди. Кечээ Газа тилкесинде “Хамас” уюму Аннаполистеги жыйынга каршы массалык демонстрация өткөрдү. Хамасчылардын лидери Исмаил Хания конференцияга катышып жаткан арап өлкөлөрү палестиналыктардын тагдыр-таалайына тийиштүү маселелерде, айрыкча Иерусалимге жана качкындарга байланышкан иштерде израилдиктер менен кандайдыр бир мунасага барганга укугу жоктугун, андыктан бу жыйынды, анын жыйынтыктарын четке какканга палестин эли толук укуктуу экенин белгиледи.
Иерусалимде израилдик диний маанайдагы партиялардын өкүлдөрү да Аннаполистеги жыйындын жыдып калышын кудайдан тилеп, таат кылышты. Жөөт обосолдорунун лидери Дэнни Дайан президент Бушка жана Аббаска Олмерт мырза кандай убадаларды бербесин, аларды аткара албай турганын айтып, Израилде адамдар аны колдобойт деп билдирди.