Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясы шайлоочулардын 64.3 пайыз добушуна ээ болуп, Мамдумада 315 орунду алды. БШКнын өкүлү Станислав Вавиловдун маалымат жыйынында билдиргени боюнча, Коммунисттик партия 11.57 пайыз добуш менен 57 орунга, Либерал-демократиялык партия (ЛДПР) 8.14 пайыз добуш менен 40 орунга ээ болду. Башка партиялар талап кылынган минималдык 7 пайыз чектен аша алган эмес.