Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:39

ОППОЗИЦИЯЧЫЛ ПАРТИЯЛАРДЫН МҮЧӨЛӨРҮ ТОКМОК ЖЕП ЖАТЫШАТ


Парламенттик шайлоонун алдында айрым саясый партиялардын мүчөлөрүнө кысым күчөп гана тим болбой, аларды уруп, токмоктоп кеткен фактылар катталууда. Бул окуяларга тартип коргоо органдарынын мамилеси кандай?

Соңку тапта оппозициялык маанайдагы саясый партиялардын айрым мүчөлөрүн уруп-сабап кеткен окуялар болду. Мындай фактылар парламенттик шайлоо жакындаган сайын көбөйө баштады.

“Асаба” партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координаторун кимдир бирөөлөр сабап кетишкен. Ал адам болсо оор абалда ооруканага түшкөн.

-Үмөталиев Каныбек деген Ыссык-Көл облусу боюнча координаторубуз бар болчу. Машинасы менен кечке маал үйүнө кетип баратканда алдынан үч бала тосуп, темир менен башка уруптур. Колуна уруптур. Колу сыныптыр. Ал киши ооруканага жаткан,-деди “Асаба” партиясынын мүчөсү Назаркул Жоошбаев.

Оппозициядагы “Ата Мекен” партиясынын Өзгөн районундагы штабына кимдир бирөөлөр кирип, зомбулук көрсөтүп, айрым керектүү иш кагаздарды зордук менен алып кетишкен. Партиянын басма сөз катчысы Элегия Мусаева окуя тууралуу буларды маалымдады:

-Кыргызстандын район, региондорнан телефон чалуулар болуп атат: "Кол салып жатат!", "Коркутуп атат" деген. Өзгөн шаарынан биздин агитатордун колунан материалдарды жулуп алып, качып кетишиптир. Дагы бир жерден коркутуулар болуп жатыптыр. Шайлоо комиссиясынан чыккыла, же болбосо ушундай сабап кетебиз деп.
Жактоочулардын айтымында алар ушундайлар болорун күтушкөн.” Ата-Мекенге кошулганыбыз бул оңой чечим эмес болчу. Ошондуктан шайлоонун аягына чейин чыдап, туруп беребиз” дешти.


“Ата Мекен” партиясынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, белгисиз 3 жигит В46 04N номерлүү “Мерседес” машинасы менен келип, Ноокат районундагы штабдын башчысы Набижан Каримбердиевди жана дагы 3 адамды сабап, "штабды жаппасаңар, бүгүн үйүңөрдү өрттөйбүз" деп коркутуп кетишкен. Натыйжада үчөөнүн тең кабыргасы сынып, оор акыбалда жараат алышкан.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу бул жорукту чектен чыккан наадандык катары айыптап, жергиликтүү укук коргоо органдарынын аракетсиздигин кескин сындады.

“Асаба” партиясынын өкүлүнүн пикиринде белгисиз бирөөлөрдөн токмок жеген партия мүчөсү арыз менен күч органдарына кайрылган. Бирок күч органдары ага көз жуумп коюшкан.

-Тартип коргоо органдары анчалык көңүл бурбай жатат. Түштук тарапта биздин штаб бар эле. Бир адамдар кирип үгүт иштери боюнча кагаздарды алып кетишиптир. Аны кимдер жасап жатат? Аны бийлик жасап жатабы же ортодо чагымчылар жасап жатабы аны айтыш кыйын,- деди “Асаба” партиясынын мүчөсү Назаркул Жоошбаев.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, бул маселе боюнча арыздар каралып жатат.

-Негизинен бул маселенин көтөрүлүп жатканынын жөнү бар. Шайлоо убагында, үгүт иштеринин жүрүп жаткан убакта Кыргызстандын бардык аймактарында коомдук тартипти сактоого жана ар кандай тартип бузууларды каттап аларды өз убагында тергөөгө жеткирүү жергиликтүү жана борбордук милиция кызматынын негизги милдети болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG