Жума күнү аяктары белгиленген конференция анын жыйынтыктоочу документине байланыштуу чыккан пикир –келишпестиктерден улам улантылып жатат. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун эртең эртең менен конференцияга кайтып келерин билдирди. Еврошаркет жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр конференциянын жыйнтыктоочу документинде 2020-жылга карата өнөр –жайлуу өлкөлөр абага көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 25-40%га кыскартуусу боюнча конкреттүү цифралар жазылуусун талап кылышкан эле. Бирок, АКШ, Жапония жана башка кээ бир мамлекеттер буга каршы чыккан. Балидеги азыркы конференциянын чечимдери глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү үчүн буга чейин кабыл алынган эл аралык документ –Киото протоколун алмаштырышы керек. Анын мөөнөтү 2012-жылы аяктайт. АКШ бул протоколду ратификациялаган эмес.
Индонезияда Улуттар уюмунун глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү маселелерине арналган конференциясы уланууда