Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

БУШ КИМ ЧЕН ИРДИ КАНТИП ЭПКЕ КЕЛТИРДИ


Үстүбүздөгү жылдын башында АКШнын президенти Жорж Буш Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ирге бейрасмий кат жазган эле. Бул кадам Пхеняндын ядролук курал программасын токтотуу жаатындагы кызматташтыкты жакшыртуунун бир аракети болуп калган. Мына эми азыр бул кадам өзүн актагандыгы белгилүү болууда. Анткени Түндүк Кореянын Бириккен Улуттар уюмундагы делегациясы бул катка ооз эки жооп берди. Эми Буш Ким Чен Ирдин Түндүк Кореянын ядролук программасы тууралуу маалыматтарды бүт ачыкка чыгаруу убадасынын өтөсүнө чыгышын каалай тургандыгын айтууда.

Буштун сөзү боюнча, анын Кимге бейрасмий кат жазуу чечими Түндүк Корея лидеринин көңүлүн бурган шекилдүү. Буш азыр эми Кимден өзүнүн көңүлүн бурдурушун күтүүдө:

– Мен кимге кат жазып, анын көңүлүн бура алдым. Өз программаларынын, анын ичинде плутонийди иштетип, аны эмнеге айландырганын толугу менен ачык айтып, менин көңүлүмдү өзүнө бура алат. Биз бул тууралуу билгибиз келет. Ал ошондой эле курал таркатуу жаатындагы бардык маалыматты ачыкка чыгаруу менен да биздин көңүлүбүздү өзүнө бура алат.

Өткөн айда Түндүк Корея америкалык курал эксперттеринин көзөмөлү астында ядролук реакторун токтотуп, аны иштен чыгарууга киришкен. Бул Вашингтон менен жетишилген келишимдин чегиндеги иш болууда. Ал келишимде АКШ Пхенян менен дипломатиялык алакасын толугу менен калыбына келтирүү жана Түндүк Кореяны терроризмди колдогон жана соода санкциясы киргизилген өлкөлөрдүн тизмесинен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүүгө сөз берген.

Өз атын атагысы келбеген америкалык расмий өкүлдүн айтымында, Түндүк Корея бул келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткаруу убадасы менен жооп берип, Кошмо Штаттары да ушул эле кадамга барат деп үмүттөнүп жатат.

Түндүк Кореянын мындай жообу Ким Чен Ирдин өзүнөн келгени, же анын кол алдындагылар айтканы маалым эмес.

Бул өлкөнүн ярдолук программасы тууралуу АКШдан тышкары, Кытай, Жапония, Орусия жана Түштүк Корея сүйлөшүүгө катышып келатышат.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Гордон Жондроенин билдиришинче, бул өлкөлөр акыры Корея жарым аралынын ядролук куралдан тазаланат деп үмүттөнүшөт. Жорж Буш бул Түндүк Кореянын өзү үчүн да керек деп эсептейт:

- Бул беш өлкө Ким Чен Ирде мүмкүнчүлүк бар, ал үчүн өз программаларын, өндүрүп келген чийки заттар жана курал таркатуу жаатындагы аракеттерин толук ачыкка чыгарышы керек.

Буштун Кимге бейрасмий кат жиберүү чечими анын Түндүк Кореяга карата тактикасындагы маанилүү өзгөрүш катары бааланууда. Буга чейин америкалык президент Түндүк Кореяны карөзгөй өлкөлөрдүн катарында атап келген. Ал эми Мамлекеттик департамент бул өлкөнү терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесине киргизген.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG