Полициянын маалыматына караганда, жанкечти өзүн аскерий базанын кире беришинен жардырып жиберген. Армияга жаңы чакырылгандар бул учурда машыгуудан кайтып келе жаткан эле. Окуя өлкөнүн Ооганстан менен чектеш провинциясында болду. Акыркы айларда бул жерде армия менен коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрүнө кол салуу фактылары көп кайталанып жатат.