Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Ф.КУЛОВ: ПАРЛАМЕНТТИ ТҮЗҮҮ АК ҮЙДҮН СЦЕНАРИЙИ БОЮНЧА БОЛУП ЖАТАТ


“Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов парламентке мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмалоо менен өткөнүн кечээ маалымат жыйынында белгиледи. “Ата Мекен” партиясы болсо жекшембиде өткөн шайлоону тааныбай турушканын, БШК шайлоонун жыйынтыгын кайрадан эсептеп чыгып, реалдуу санды санап чыгуусун талап кылышарын билдиришти.

Феликс Куловдун айтымында, парламенттик шайлоо мыйзам одоно бузуулар менен коштолуп, добуштарды бурмалоо көз көрүнөө эле жүргүзүлдү.

“Партиянын кеңеши өздөрү алдын ала иликтөөлөрдү жүргүзүп, шайлоо комиссияларынын токтомдорунун негизинде “Ар-намыс” партиясы Ош, Бишкек шаарларынан бир кыйла көп добушка ээ болгону маалым болду. Бул боюнча колубузда ошол шайлоо комиссияларынын токтомдорунун көчүрмөсү бар. Бирок БШКнын маалыматы боюнча “Ар-намыстын” добушун эки эсе аз көргөзүп жатканы мыйзамга сыйбаган нерсе, дейт Кулов.

-Парламенттик шайлоо таза эмес өттү. Ошондуктан, Боршайлоокомдун мындай мыйзамсыз иштери боюнча биз сотко арыз берип жатабыз. Бирок анын жыйынтыгы кандай чыгат, биз аны айта албайбыз.

“Ата Мекен” социал-демократтар партиясы да парламенттик шайлоону тааныбай тургандыктарын билдиришти. Алар шайлоодогу массалык бурмалоолорго жол берген жана административдик ресурсту колдонгон акимдерди, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек деп эсептейт. “ата мекенчилер” БШК шайлоонун жыйынтыгын кайрадан эсептеп чыгып, реалдуу санды санап чыгуусун талап кылышууда.

-Бул парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин, БШК бардык комиссияларды түзүп, шайлоонун жыйынтыгы боюнча реалдуу цифраларды санап чыгышын талап кылабыз, -деди Темир Сариев.

“Ар намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Куловдун айтымында, “Ак үйдө” парламентти түзүү тууралуу эки сценарий бар. Биринчи тарап парламентти бир партиялуу боюнча калтыруу, экинчиси оппозициялык “Ата Мекен “ партиясы менен “ Ар намыс” жана бийликке жан тарткан СДП же Кыргызстан коммунисттер партиясын кошуп көп партиялуу парламент түзүү.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев парламентке кайсы партияны киргизүү же киргизбөө тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүнүн өзү акылга сыйбаган жорук, дейт.

-Бийликтин парламентке бул партия өтсүн, тигил партия өтсүн деп соодалашканынын өзү ыймандуулукка жатпайт. Биз эмне базарда жүрдүк беле соодалашып. Биз “Ата Мекенчилер” мыйзамдуулукту талап кылабыз. Биринчиден мыйзам иштеш керек.

Сариев мыйзамдуулукту талап кылып, Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаргандан кийин, БШКнын жыйынтыгын сотко беришерин айтты. Ал ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, деген маалыматты четке какты.

Феликс Кулов маалымат жыйынында шайлоого байланыштуу өзүнүн пикиринен башка экономикалык маселелерге да токтолуп кетти. Анын айтымында, жаңы жалдан кийин мунайзат, жаратылыш газы 30 пайызга кымбаттап, азык түлүк продуктусунун баасы жогорулай тургандыгын маалымдады. Анын көз карашында, президент Курманбек Бакиев түзгөн “Ак жол” партиясы экономикалык оор кризистен чыгууга мүмкүнчүлүгү жетпей, өлкөдөгү социалдык оор абалдан коомчулукта нааразылык күчөйт.

“Ак жол” партиясынын жооптуу катчысы Жангороз Каныметов болсо Куловдун божомолунда негиз жок деген көз карашта. Анын айтымында, “Ак жол” партиясы өлкө экономикасын көтөрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшарын, элдин турмушун жакшыртууга аталган партиянын толук кудурети жетерин белгилей кетти.

Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG