Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында партиянын лидери Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, 16-декабрдагы шайлоо административдик ресурсту опсуз пайдалануу, көз боемочулук менен өттү. «Асаба» партиясы мыйзамдуулукту орнотуу жана өз максатына жетүү үчүн мыйзам чегинде ар кандай акцияларды уюштурууга барат, деп белгиледи партия лидери.(AiT)