Бул туурасында “Ата мекен” партиясынын Карасуу райондук штабынын башчысы Төлөгөн Келдибаев 20-декабрда кечке маал “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында кечээ, бүгүн ачкачылык акциясына кошулган карасуулуктарга белгисиз адамдар телефон чалып жана келип, “тарагыла болбосо көргүлүктү көрөсүңөр көчүрөбүз” дегенге чейин барышкан. Ошол себептүү Тынчтык айылында гана “Ата мекендин” беш мүчөсү калтырылып, калгандары тароого мажбур болушту. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев Карасуудагы атамекенчилер милицияга кайрылбагандыгын, кокус тартип бузуу билинсе бейбаштарга токтоосуз чара көрүлөөрүн билдирди. (ATo)
17:57 Карасуу районунда ачкачылык жарыялаган “атамекенчилердин” айрымдары үйлөрүнө тарады