Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

ЖОГОРКУ СОТ ӨМҮРБЕК БАБАНОВДУН АРЫЗЫН КАРООГО КИРИШТИ


20-декабрда Жогорку Сот Кыргызстан социал-демократиялык партиянын төрага орунбасары Өмүрбек Бабановдун аппеляциялык арызын кароону баштады. 15-декабрдын түнүндө Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ө.Бабановду партиялык тизмеден алып салуу тууралуу чечимин чыгарган. Социал-демократиялык партиянын өкүлдөрү Ө.Бабановду сот антип шайлоого бир күн калганда талапкерди партиялык тизмеден чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышка негиз жок деп эсептешет.

Социал-демократиялык партиянын өкүлү Галина Скрипкина шайлоого байланышкан иш көзөмөл тартибинде эртерээк каралышы керек, ошол себептүү Жогорку сот бүгүн эле чечим чыгара тургандыгынына ишенерин соттук териштирүү баштала электе эле билдирген.

- Шайлоого байланыштуу ишти кароо мөөнөтү кыскарды. Ошол себептүү бүгүн көзөмөл тартибинде чечим кайра каралат. Ачык айтсам, социал-демократиялык партия чечим мыйзам негизинде кабыл алынат деп ишенет. Биз арызыбызда Биринчи Май районунун соттук чечими туура эместигин негиздегенбиз,- деп айтты Г.Скрипкина.

Социал-демократиялык партиянын төрага орунбасары Ө.Бабанов Казакстан жараны экенин парламент шайлоонун алдында «24.kg» маалымат агенттиги жарыя кылган. Ө.Бабанов бул маалыматты жокко чыгарып, шайлоо өткөндөн кийин агенттикти сотко бере тургандыгын билдирген. Анын айтуусунда, 1995-жылдан баштап үч жыл бою коңшулаш Казакстанда иштеген. Иштеп жүргөн кезинде советтик паспорттор алмашылып, Казакстан паспортун алгандыгын Ө.Бабановдун өзү деле танбайт, тек, паспорт алган соң Казакстан жарандыгына өтүш керектигин билгенден кийин паспортун тапшырып берген. Анын адвокаты Е.Жылкычиева Ө.Бабанов эч качан Кыргызстан жарандыгынан чыккан эмес деп билдирди.

Ал ошондой эле Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ө.Бабанов консулдук эсепке келип турбаганына басым жасап 15-декабрдан 16-декабрга караган түнү чечим чыгарышы туура эместигин билдирди.

- Эгер адам үч жыл бою консулдук эсепке турбаса жарандыгын жоготот деп райондук сот тарабынан чечим чыгарышы туура эмес. Жарандыктан чыгуунун өзүнчө жөрөлгөсү бар.

Е.Жылкычиева жарандыктан чыгаруу жөрөлгөсү мурунку Советтер Союзу тушунда айрым диссиденттерге каршы колдонулганын, эгемендик заманда саясий жагдайга байлап, шүгүрчүлүк, Кыргызстанда бир да жаранды сыртка чыгарып коюшпаганын айтты. Анын ырасташынча, жарандыкка алуу, чыгаруу президенттин ыктыярындагы иш.

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстан жарандыгынан эч качан чыкпагандыгын, Казакстан паспортун алуу артынан сөзсүз жарандык алууну түшүндүрбөстүгүн Кыргызстандын ички иштер министрлигинин паспорт-виза башкармалыгынын жетекчиси Эркин Арапбаев да ырастады.

- 1993-жылкы мыйзам боюнча жарандыкка алуу, чыгаруу президент жарлыгы менен жүрөт. Ал эми материалдар биздин кызматтын бөлүмдөрү аркылуу даярдалат. Ошол убактагы мыйзам боюнча президент жарлыгы менен жарандык алып, жарандыктан чыгаруу көрсөтүлгөн. Президент жарлыгы менен алынат. Ошон үчүн Казакстанга суроо жөнөткөнүбүздө паспорт туура эмес берилген, ошондуктан жок кылынды деп жооп келди. Негизи жөрөлгөлөрдөн өтүш керек эле.

Мурдагы депутат, Социал-демократиялык партиянын тизме башындагы Өмүрбек Бабановдун Казакстан жараны экендиги жөнүндөгү Интернет маалыматка таянып сотко кайрылган Сергей Ступактын арызын Бишкектин Биринчи Май райондук соту канааттандырган. Сот Ө.Бабановду партиялык тизмеден алып салуу тууралуу чечим чыгарган. Өмүрбек Бабанов менен социал-демократиялык партиясынын райондук сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн Жогорку сот туура деп табабы же райондук сот чечимин күчүндө калтырабы? Бул суроо 20-декабрда жоопсуз калды. Жогорку сот талаштуу маселени териштирүүнү 25-декабрга жылдырды.

XS
SM
MD
LG