Анда Буш “Мени эң көп тынчсыздандырганы – АКШнын өнөктөштөрү “Ооганстандан чарчадык, биз кетебиз” деп айтабы, мына ушундан корком”,-деди. “Ооганстанда демократиялык экспериментин жыйынтыгын көрүш үчүн убакыт талап кылынат”,-деп кошумчалады АКШ президенти Вашингтондо. Жорж Буш Орусияда жакында эле өткөн шайлоо темасына дагы токтолуп, расмий Москва демократиялык принциптерден чегинбесине үмүт артты.