Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

17:45 Эрезеге жете электер оюн ойнотулчу клубдарга жана интернет-кафелерге белгиленген мезгилде гана бара алышат


Бишкек шаардык кеңеши бүгүнкү жыйынында баш калаадагы компьютердик борборлордун, оюн ойнотулчу клубдар менен интернет-кафелердин ишин жөнгө салуу маселесин карады. Жыйынтыгында шаардык кеңеш 18 жашка толо элек жаштар мектептеги сабак учурунда жана саат 19:00 кийин аталган жайларга бара албайт деген токтом чыгарды. Андан сырткары, шаардык кеңеш жалпы билим берүүчү орто мектептерде фото жана видео камералары бар чөнтөк телефондорун мектепте көтөрүүгө тыйуу салган чечим кабыл алса деген сунуш менен өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигине кайрыла турган болду. (TD)

XS
SM
MD
LG